Кара-Көлдө мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө маалымат берилди

Кара-Көл шаарында 5-ноябрда «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү» мыйзам боюнча түшүндүрүү иш-чарасы болуп өттү, деп билдирет аймактык кабарчы.

Ага шаардагы мекеме-ишканалардын жетекчилери, кызматкерлер катышты. Жаңы мыйзам жөнүндө Юстиция министрлигинин алдындагы мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун Жалал-Абад облусундагы координатору Камашов Эрмек айтып берди. Иш-чара жаңы мыйзамдын иштешин элге түшүндүрүп, маалымат берүү максатында уюштурулган.

Э.Камашовдун айтуусунда, «Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө» мыйзамы жаңы иштеп баштады.

«Толук кандуу иштөөсү үчүн элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек. Бул жаатта Жалал-Абадда, Базар-Коргон районунда, Кара-Көл жана Кербен шаарларында атайын борборлор иш алып барууда», – деди Эрмек Камашов.

https://www.turmush.kg/news:379786

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*