Бишкек шаарындагы №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун кызматкерлери ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаш баланы медициналык картасы жок болгону үчүн кабыл албай коюшкан.
Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, жаш балага ооруканага жолдомо кат алууга жардам көрсөтүлөт.
«Баланын ата-энеси министрликке кайрылды. Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жана №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчыларына тез арада кайрадан медициналык-социалдык экспертизага жолдомо кат алууга көмөктөшүү тапшырылды», – деп айтылат маалыматта.
Министрликтин өкүлдөрү №10 үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун медициналык кызматкерлерине административдик чара колдонууну убадалашты.
Leave a Reply