6460 майып балага 6387 ассистент кызмат көрсөтөт

Бүгүнкү күндө дайыма бирөөнүн багуусуна жана көзөмөлүнө муктаж болгон 6460 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү балага 6387 жеке ассистент социалдык кызматтарды көрсөтүп жатат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Баланын үй-бүлөнүн курчоосунда болуу укугун камсыз кылууга жана өз алдынча кыймылдай албаган, майыптуулуктун оор формасындагы балдардын ата-энелерине колдоо көрсөтүү максатында жеке ассистенттин жаӊы кызматы Кыргызстанда 2019-жылдын 1-январынан тартып кирген. Жеке ассистент баланы багууда социалдык-турмуштук кызматтарды көрсөтүүдөн сырткары, балага реабилитациялоонун жеке программаларын ишке ашырууга көмөктөшөт.

Жеке ассистенттин кызмат көрсөтүүсүнүн акысынын көлөмү айына 4900 сомду түзөт.

Белгилей кетсек, жеке ассистенттер үчүн ыктыярдуу патент жана камсыздандыруу полиси райондук социалдык өнүгүү башкармалыктарынын кызматкерлери тарабынан республикалык бюджеттин эсебинен алынат.

https://www.nazarnews.kg/news/41987

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*