Психолог: зордук-зомбулуктун айынан үйүнөн качкан балдардын көбү айылдан

Өспүрүмдөргө психологиялык кеңеш берген борбордун психологу Бегайым Атабекова үйүнөн качкан балдардын басымдуу бөлүгү жакындарынан зордук-зомбулук көргөндөр экенин айтты.

Баланы эч качан ур-томокко албаш керек. Колдон келишинче аны түшүнүүгө аракет кылып, сүйлөшүп, ата-энеге болгон ишенимди арттыруу зарыл. Бул тууралуу Бегайым Атабекова Sputnik Кыргызстан радиосунун “Ачык кеп” программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өспүрүмдөргө психологиялык кеңеш берчү борборго түшкөн балдардын көбү элеттен келгендер.

“Акыркы тапта ата-энеси же жакындары көрсөткөн зомбулукка чыдабай үйүнөн качкан балдардын саны көп каттала баштады. Алардын басымдуу бөлүгү айылдан келгендер. Биздин борборго түшкөн өспүрүмдөр менен сүйлөшкөндө ата-энеси түшүнүп-түшүнбөй эле ур-токмокко алып келгенин айтып беришет. Бул туура эмес. Анткени ата-эне — бала үчүн багыт көрсөтүп, үлгү боло турган адамдар. Алар милдеттүү түрдө бала менен сүйлөшүп, аны түшүнүүгө жана көйгөйлөрүн чечишүүгө жардам бериши керек. Ошондо гана ал жакындарына ишеним артып, үйдөн качуу сыяктуу ойлордон алыс болот”, — деди Атабекова.

Ошондой эле ал өспүрүм сөзсүз бир нерсе менен алек болуп, ар кандай ийримдерге барышы керектигин кошумчалады.

https://sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*