Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсүнө батир берилди

Балдар үйүнүн эки бүтүрүүчүсүнө батир берилди. Бишкек шаарынын мэриясынын мамлекеттик мүлк башкармалыгынын башчысы Нурдин Тынаев үй ээлеринин колдоруна үйдүн ачкычтарын тапшырды.

Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Бекжан Үмөталиев экинчи топтогу майып. Ал инсульт алып, оор операция болгондон кийин өз үйүн каражаттын жетишсиздигинен улам сатууга аргасыз болгон. Мындан улам, ал бүгүнкү күнгө чейин батирде жашап, күн кечирип келген. Бекжан Үмөталиев учурда короо шыпыргыч болуп иштейт.

Буга чейин ал райондук акимчиликте турак жайга муктаж болгон жарандардын тизмесинде каттоого алынган.

Ал эми Азиз Тагаев учурда 2 баланы өзү жалгыз тарбиялап келүүдө. Ал эч жерде иштебейт. Тагаев үч жылдан бери муниципалдык мүлктө турак алуу үчүн кезекте турган”, – деп айтылат билдирүүдө.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*