Өмүрбекова: Үй-бүлөдөгү зомбулук жеке маселе эмес, ал бүтүндөй коомго тийиштүү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова тынчтык жана толеранттуулукка чакыруу менен 10-октябрда Ош шаарында «Зомбулуксуз жашоо!» жалпы улуттук тынчтык кербенине катышты.

Алтынай Өмүрбекова баса белгилегендей, зордук-зомбулук адамдардын фунтаменталдык укуктарын, адамдык аброюна кол тийбестигинин эл аралык принциптерин бузат.

«Зомбулуктун гендердик аспекти аялдардын саламаттыгына олуттуу коркунуч туудурат. Ар кандай стереотиптерге байланыштуу кыздардын жана аялдардын ден соолугуна, бакубатчылыгына, өнүгүүсүнө жана бүткүл жашоосуна ачык кесепети бар экендигине карабастан, зордук-зомбулук көрсөтүү жеке, үй-бүлөлүк иш катары кабыл алынат. Кыз балага карата зомбулук көрсөтүү ар кандай түргө ээ – үй-бүлөлүк зомбулук (аң-сезимдик жана психологиялык), жыныстык зомбулук, эрте курактагы никеге туруу, ала качуу, көп аялдуулук, сойкулукка мажбурлоо, иш ордунан ыдык көрсөтүү», – деди ал.

Вице-премьер-министр белгилегендей, балдарга карата зомбулук көрсөтүү – бул өтө талылуу тема.

«Биздин эң кенже корголбогон жарандарыбыз өз жакындарынын, ата-энесинин, туугандарынын колунан жабыркаганда, зомбулук көрүп чоңойгон балдар зордук көрсөтүү жүрүм-турумдарын калыптандырып, аларды башкаларга карата колдонушат. 2000 баланын 70% жакыны үй-бүлөдө зомбулукка кабылганын айтышкан. Бул дагы калыптанып калган стереотип, алар менен күрөшүү керек», – деп баса белгиледи Алтынай Өмүрбекова.

Ал эске салгандай, Кыргыз Республикасында Балдар укуктары жөнүндө Конвенция, Аялдарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жок кылуу жөнүндө Конвенция жана бир катар башка эл аралык документтер кабыл алынып, ратификацияланган. Алар өлкөдө зомбулукка каршы күрөшүү үчүн юридикалык жана социалдык пайдубал түптөштү.

«Республикада бул чөйрөдө бир катар прогрессивдүү мыйзамдар кабыл алынган жана жакшыртылган. Бирок аларды колдонуу, укуктук мамилелердин бардык субъекттери тарабынан кынтыксыз аткаруу боюнча көйгөй бар. Биздин – мамлекеттин, жарандык коомдуен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жалпыга маалымдоо каражаттарынын жалпы милдетибиз жарандарга бул мыйзамдардын таасири, өз укуктары жана аларды коргоо механизмдери тууралуу айтып берүү болуп саналат. «Зомбулуксуз жашоо!» тынчтык кербени сыяктуу долбоорлор – Өкмөттүн өнөктөштөр менен биргеликте коомубузда тынчтыкты илгерилетүүгө багытталган иш-чараларынын бири. Ушундай демилгелерди мындан ары да колдоого жана коомдо зомбулуксуз жүрүм-турум маданиятын түзүү боюнча максаттарга жетишүүгө, кодулоонун ар кандай түрүнө чыдамсыздык көрсөтүү үчүн биргелешип иштөөгө даярбыз», – деп жыйынтыктады вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова.

http://kabar.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*