ҮЙ-БҮЛӨЛҮК ЗОМБУЛУККА КАБЫЛГАНДАРДЫН УКУГУ КАЧАН КОРГОЛОТ?

Премьер-министр  Мухаммедкалый Абылгазиев үй-бүлөнү зордук-зомбулуктан сактоо боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу токтомго кол коюп, мыйзам долбоорун Жогорку кеңешке  кезексиз жана кечиктирилбестен карап чыгууну сунуштады.

ИИМдин маалыматына ылайык 2012-жылдан 2018-жылга чейин үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка кабылгандардын саны 2415тен 7114 кө чейин өскөн.

Андан тышкары Саламаттык сактоо министрлигинин тыянагын карасак, 2012-жылы 721 адам зомбулуктун айынан денесине ар кандай залакат алып кайрылса, 2018-жылы 1527 адам кайрылган.

Акыркы алты жылдагы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар, жаш балдардын саны кыскарган жок, тескерисинче арбый баштады.  Үй-бүлөлүк зомбулук криминалдашып,  адамдардын денесине  залал келтирилип, сексуалдык ыдык көрсөтүүгө чейин барып, акыры адам өмүрү кыйылган фактылар да өсүүдө.

Өлкөбүздөгү  ички жана тышкы миграциядан улам, өзгөчө жаш балдардын укугу корголбой, чоң адамдардын жана туугандарынын зомбулугуна кабылган бөбөктөрдүн саны арбып барат. 2012-жылы балдардын укугун коргоо боюнча бир нече бейөкмөт уюму мыйзамга толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунушташкан.

“Кыргызстанда үй-булөлүк зордук зомбулукка каршы мыйзамдар кандай деңгээлде иштейт, толуктоолор керекпи жана дагы кандай жазалар колдонулса болот?” деген суроо менен балдардын укугун коргогон адистерге кайрылдык.Кумар ЭРГЕШОВА, балдардын укугун коргоо боюнча эксперт:

-Көпчүлүк учурда ички жана сырткы миграциянын кесепетинен  улам жаш балдар туугандарынын колунда калып, ошол эле туугандарынан ыдык көрүп жатышат. Мисалы, былтыр эле Алтын-Казык жаңы конушунда өспүрүм  баланы таекеси машинасына сүйрөткөнү коомчулукта катуу ызы-чуу жараткан.  Ал баланын апасы Россияга иштегени кетип, баласын инисине калтырган. Бул бала кичине чоңое баштагандан бери эле, ар кайсы туугандарында түрткүнчү болгон. Ошол күнү таекесинин үйдөн майда-чүйдө акча жоголуптур. Таекеси баланы  жазалайм деп, анын эки колун байлап, машинасына сүйрөткөн. Убагында ал жигит кармалып, сот иштери  териштирилип, бирок кийинчерээк бошотулуп кетти. Бул жерде маселе мындай, мамлекеттик деңгээлде документтер, укуктук нормативдик актылар, мыйзамдар жакшы кабыл алынат. Ал эми иш жүзүнө  келгенде чабал болуп атат. Мисалы, жабыркаган баланы убактылуу баш калкалоочу (приют) үйлөргө алып барышат да, андан ары иш  жүргүзүлбөй калат. Өзгөчө бул элет жеринде кездешет. Чындыгында элет жеринде социалдык иш жакшы жолго коюлган эмес. Социалдык өнүктүрүү министрлигинин бир эле социалдык кызматкери беш-алты айылга бекитилген. Ал кызматкер беш-алты айылды карап, ошондой үй-бүлөнү аныктап, баланын абалы оор, зордук-зомбулук көрүп атканын билсе да, аны убактылуу баш калкалоочу приюттарга гана алып бара алат.  Ал бала алты ай, же бир жылдан кийин ошол эле үй-бүлөгө кайра келет.  Бул жерде комплекстүү иш болбой жатат. Негизи балдарды зомбулуктан сактоо үчүн адегенде ата-энеге түшүндүрүү керек.  Ата-энеси сыртка кеткенде балада ыза, таарыныч калат.  Мээрим көрбөй чоңойгон бала  агрессивдүү болот.  2012-жылы бейөкмөт уюмдар   балдардын укугун коргоо, үй-бүлөлүк зордук-зомбулукка каршы  мыйзамды күчөтүү  боюнча   сунуш киргизгенбиз. Биздин сунуш кабыл алынып, балдарга зомбук көрсөткөрдөр 21 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча мыйзамга толуктоолор киргизилген. Бирок өткөндө мыйзамдарга өзгөртүүлөр киргизилгенде ушул жазанын мөөнөтү азайып калыптыр. Бул жерде системалуу түрдө иштеш  керек. Өзгөчө  үй-бүлөнүн баалуулуктары тууралуу программа  кабыл алынат, бирок аны коомчулуктун мээсине сиңириш керек.

“Сезим” кризистик борборунун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова:

–Мыйзамда үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктар, адам укуктары боюнча абдан жакшы жазылган. Бирок, алар Кыргызстанда сакталбайт, мыйзамдар иштебейт. Бизде үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын, жаш балдардын эле укугу  эмес, дегеле адамдардын укуктары корголбой келет. Андан тышкары  адамдар өздөрүнүн укугун коргогонго билими, идиргиси болушу керек. “Мен адаммын, укугум бар” деш керек. Чет мамлекетте адамдардын эмес, иттин, мышыктын да укугу корголуп жатпайбы. Адам болуп төрлөлгөндөн кийин, анын укугу корголуш керек. Биздин коом буга  даяр болбой жатат. Өзүбүз деле аң-сезимибиз менен артка кетип, коомдо мыкаачылык болуп баратат. Педофилия деген пайда болду, атасы кызын зордуктаган эмне деген шумдук! Тилекке каршы бул көнүмүш болуп бараткандай. Адамдардын социалдык абалына карабай, президент, министр, депутат болобу алардын укугу карапайым адамдардыкы менен эле бирдей болушу керек.  Мыйзамда ушундай жазылган, бирок ал аткарылбай жатпайбы. Кээде сөз менен эле адамдын укугун бузуп жатышпайбы. Чоң кызматта иштегендер же депутаттар министрлерге кол кесеп, катуу айтып, ишин эмес, жеке өзүн да сындаганга чейин барып жатышат. Карапайым адамдар соттошсо, соттон деле укуктары корголбой калып жатат. Кыскача айтканда, адам укугу корголсо теңчилик болот. Ар бир адамдын укугу бирдей болушу керек. Адамдын карды тоет экен, бирок аң сезими кыйын ахыбалга баратабыз. Канчалык мыкты мыйзам чыгарбайлы, ал аткарылбаганы өкүнүчтүү,- дейт Бүбүсара Рыскулова.

“Уй-бүлөнү зордук –зомбулуктан коргоо” боюнча мыйзам бар. Анда  тартип сакчылары зомбулукка кабылган ар бир жарандын арызын кабыл алып, жабырланган адамды коргоого алышы шарт. Ордер үч күнгө чейин күчүндө болот, бул учурда   адамга коркунуч жараткан жаран көзөмөлдө болот. Бул ордерди бир айга чейин узартса да болот.

“Үй-бүлөнү  зордук-зомбулуктан коргоо” мыйзамына өзгөртүүлөр киргени жакшы, бирок ал канчалык деңгээлде ишке ашат, аны  убакыт көрсөтөт.

http://aryba.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*