Наристе үйүндө майып бала баккан үй-бүлөлөргө жардам берүү бөлүмү ачылат

Иллюстрациялык сүрөт.

Бүгүн, 11-октябрда Бишкектеги Балдарды жана үй-бүлөнү реабилитациялоо боюнча адистештирилген борбордо мүмкүнчүлүгү чектелген баланы баккан үй-бүлөлөргө жардам берүү бөлүмүнүн ачылышы болот.

Иш-чара мурда Наристе үйү деп аталган бул мекеменин 100 жылдыгына арналып жатканын «Азаттыкка» директор Чолпон Арыкбаева билдирди:

– Жүз жылдык менен кошо ресурстук борбордун ачылышын чогуу өткөргөнү жатабыз. Балдар күндүз ата-энеси менен келип, процедураларды алып, кечки алтыда үйүнө кетсе болот. Ата-энелери менен да сүйлөшүп, окутуп, үйрөтөбүз.

Наристе үйүндө 75 адам иштейт. Бул жайда ата-энеси баш тартып койгон, жаңы төрөлгөндөн төрт жашка чейинки наристелер багылат. Бүгүнкү күндө тарбияланып жаткан балдардын саны 50гө жакын.

Жаңы ачылып жаткан бөлүмгө колу жука үй-бүлөлөр дене түзүлүшү жана акыл-эс өнүгүшү жагынан көйгөйгө туш болгон алты жашка чейинки балдарын алып келип, жардам алса болот.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанда 30 миңден ашуун майып бала бар. Алар ай сайын төрт миң сомдон жөлөк пул алышат.

https://www.azattyk.org/a/30210831.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*