9 жаштагы көзү азиз баланын футбол ойногон видеосу

Майк Полли саламаттыгы жакшы эле болуп төрөлгөн, бирок алты жашка чыкканда дарыгерлер ага көзүнүн ички челинде сейрек кездешкен оору бар деген диагноз коюшат. Бир жарым жылдан кийин баланын көзү көрбөй калган. Ага карабай Майк кыялын ишке ашырууга аракет кылып жатат.

Жеткинчек футбол менен тынбай машыгып жатып угуусу жакшырган. Жеке машыктыруучусунун айтымында, Майк болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишип жатат.Ал 13 жашка чыкканда көзү азиздердин командасында ойноого мүмкүнчүлүк алат. Азырынча Майк жакшы көргөн клубу – “Арсеналдын” оюндарына барып турат.

Жайында Майк жакшы көргөн оюнчусу Александр Ляказетт менен жолуккан. Анда жеткинчек футболчуга кийин Англиянын курама командасына ойногусу келерин айткан.

https://sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*