Бишкек шаарында кечээ, 6-октябрда «Күз деми» аталышындагы эл аралык жарыш өттү. Бул өлкөдөгү 4-марафон болду.
Уюштуруучулардын айтымында, аталган жарышка Кыргызстан, Россия, Казакстан, АКШ, Франция, Эстония, Германия, Италия, Кытай, Түркия, Катар, Индия, Аргентина жана Улуу Британия өлкөлөрүнөн 3 миңден ашуун адам катышты.
Жарышта кыргызстандык Бердигул Айтпай уулу 42 км 195 метр аралыкты 2 саат 44 мүнөт 16 секундда чуркап өтүп, жеңүүчү аталды. Жыйынтыгында ага 42 миң 195 сом акчалай сыйлык тапшырылды.
Ал эми кыз-келиндер арасында Юлия Фернас белгиленген аралыкты 3 саат 9 мүнөт 32 секундда чуркап өтүп, маарага биринчилерден болуп келип, жеңишке жетти.
Мырзалар арасындагы жыйынтык:
1. Бердигул Айтпай уулу — 2 саат 44 мүнөт 16 секунд
2. Николай Ведьмедь — 3 саат 3 мүнөт 17 секунд
3. Нуршат Абабакиров — 3 саат 5 мүнөт 53 секунд
4. Абдувалиев Жалаллдин (көзү азиз) — 3 саат 5 мүнөт 53,5 секунд
5. Даниэл Жээнбеков — 3 саат 8 мүнөт 23 секунд
Кыз-келиндер арасындагы жыйынтык:
1. Юлия Фернас — 3 саат 9 мүнөт 32 секунд
2. Элиза Абдиева — 3 саат 46 мүнөт 4 секунд
3. Айпери Разакова — 4 саат 9 мүнөт 35 секунд
4. Маргарита Трифонова — 4 саат 19 мүнөт 59 секунд
5. Юлия Морозова — 4 саат 33 мүнөт 53 секунд
белгиленген
Leave a Reply