Үй-бүлөдөгү зомбулукка каршы акысыз юридикалык жардам берүү уланууда

Иллюстрациялык сүрөт

Бишкекте үй-бүлөдөгү зомбулукка кабылган аялдар үчүн акысыз юридикалык жардам берүү өнөктүгү уланууда. «Аялдарга жардам» уюму уюштурган иш-чара 10-декабрда жыйынтыкталат.

Кеңеш жана жардам берүү акциясы Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн «Кыргызстанда экономикалык, социалдык жана маданий укуктарды коргоо» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Жардамга муктаждар 0222 10 20 25 номуруна телефон чалып же Киев көчөсү 97, 717-бөлмө дарегине шейшемби жана шаршемби күндөрү саат 09:00-16:00да кайрылса болот. www.wsc.kg сайты аркылуу да юридикалык жардам берилет.

ИИМдин маалыматына караганда, үй-бүлөдө жасалган зомбулук жыл өткөн сайын көбөйүп баратат. 2017-жылы кылмыштын бул түрү үчүн айыпталган жети миң адамга иш козголгон, 2018-жылы балдарга карата жасалган 1 291 зордук-зомбулук фактысы катталган.

https://www.azattyk.org/a/30194527.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*