Каныбек Исаков мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын атайын мектебине барды

Билим берүү министри Каныбек Исаков Бишкек шаарынын Ленин районундагы № 22 атайын мектептен кабар алды.

Жаңы министр окуу жай менен таанышып, жамааттын көйгөйлөрүн, сунуштарын укту. Маселени чечүү жолдорун карап, жардам берилерин айтты.

Мындан сырткары эскилиги жеткен мектептин ордуна жаңы имарат куруу үчүн эл аралык донорлор менен да сүйлөшүүлөр жүргүзүлөрүн, техникалык каражаттар жана окуу китептери менен камсыздаларын кошумчалады.

Атайын мектеп 1928-жылы курулган. Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга 9-класска чейин билим берилет. Жалпы 120 балага эсептелгени менен, бүгүнкү күндө 238 окуучу билим алат.

Каныбек Исаков мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын атайын мектебине барды

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*