Майып кыздар Бишкекте сулуулук салонун ачышты

«Теңдик» («Равенство») коомдук уюмунун атайын курстарын аяктаган мүмкүнчүлүгү чектелген кыздар Бишкек шаарында аялдарга сулуулук салонунун кызматтарын көрсөтүүчү борбор ачышты. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган уюмдан кабарлашты.

Кыздар классикалык маникюр, тырмакты кооздоо жана лак коюу, кашты көркөмдөө, хрусталь татусу, кирпикти өстүрүү, кечки жана күндүзгү макияж жасоо өңдүү тейлөөгө адистешкен.

Атайын бөлмө «Бир дүйнө – Кыргызстан» укуктук кыймылынын «Альтернатива» борборунда, Сыдыков көчөсүнүн 258 номурдагы дарегинде жайгашты. Чеберлердин байланыш телефондору 0707 967 308, 0702 171 109.

Бул демилге Тилектештик борборунун колдоосу менен ишке ашууда.

https://www.azattyk.org/a/30160227.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*