«Жубайлары чет өлкөгө кетип, кайра келбей коюшат»: Кризистик борборго кайрылгандардын саны өсүүдө. Видео

«Ак жүрөк» кризистик борборуна кайрылгандардын саны жыл сайын өсүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 9-сентябрь күнү АКИпресс-Ошто өткөн маалымат жыйында аталган борбордун жетекчиси Дарика Асилбекова билдирди.

Анын айтымында, учурда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктан жапа чеккен кыз-келиндер көп болуп жатат.

«Бүгүнкү күндө кризистик борборго кайрылгандарга биздин психологдор, социалдык кызматкерлер жардам берип жатышат. Убактылуу баш калкалоочу жай бар. Кайрылгандар менен бетме-бет отуруп сүйлөшүп, көйгөйлөрүн угуп, колубуздан келген жардамды берүүгө аракет кылабыз. Бул жаатта бизге Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги да көп жардам берүүдө.

Учурда кризистик борборго эркек кишилер да кайрылып жатышат. Алардын көпчүлүгүнүн жубайлары чет өлкөгө кетип, кайра келбей коюшат. Айрымдарынын жубайы ишкердик менен алек болуп, жолдошун карабай коюшат.

Бизге 25 жаштан 45 жашка чейинки адамдар кайрылат. Көбүнчө ушул куракта үй-бүлөдө пикир келишпестиктер болууда. Ош облусундагы бардык райондордон келишет. Алардын ичинен Араван району менен Ноокат районунан кайрылгандар арбын. Былтыр борборго 900дөн ашуун адам кайрылса, быйыл миңден ашуун адам кайрылды», – деди Д.Асилбекова.

«Ак жүрөк» кризистик борборунун психологу Гүлнара Оңкошева үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктарды алдын алуу боюнча да иш-чаралар жүргүзүлүп жатканын кошумчалады.

«Коомчулукта маалымат жок болуп жатат. Анан үй-бүлөдө укуктарын билгендер аз. Ушундай себептерден улам зордук-зомбулуктар болууда. Азыркы күндө бейөкмөт уюмдар менен иштешип жатабыз. Ушуга окшогон маселелерди алдын алуу үчүн мэрия, айыл өкмөт, райондук мамлекеттик администрациялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Бардыгыбызда комплекстүү план болушу керек», – деди Г.Оңкошева.

https://www.turmush.kg/news:375212

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*