Нарын облусунун Ат-Башы айылында Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борбору ачылды

Нарын облусунун Ат-Башы айылында Калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборунун ачылуу аземи болуп ѳттү.

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун (МКЮЖ) директору Акжол Калбеков, юстиция органдарынын аймактык башкармалыгынын, эл аралык уюмдардын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ѳкүлдѳрү, ошондой эле МКЮЖ тутумунун адвокаттары катышышты.

Учурда, бүткүл өлкө боюнча юстиция аймактык органдарында калкка акысыз юридикалык жардам берүүчү 25 борбор иш алып барууда.

Бул борборлордо жарандар (анын ичинде чет ѳлкѳлүк жарандар, жарандыгы жок адамдар, качкындар) юристтерден консультациялык-укуктук жардам ала алышат.
Белгилей кетсек, бул борбор Европа уюмунун “Кыргыз Республикасындагы Укуктун үстѳмдүгү (2-Фаза)” программасынын финансылык колдоосу менен ачылды.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*