Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясынын жоболорун ишке ашыруу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйында буга чейин айтылган сунуштарды эске алуу менен 2019-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасында майыптардын укуктары жөнүндө Конвенцияны ишке ашыруу боюнча биринчи кезектеги иш-чаралардын Планынын долбоору көрсөтүлдү. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Майыптуулугу бар адамдардын иштери боюнча кеңешин түзүү долбоору,  Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борборун реформалоо боюнча долбоор сунушталды.

Жыйындын катышуучулары долбоорлорго кошумча сунуштарын киргизишти. Толукталып иштелип чыккан соң документтер министрликтерге жана ведомстволорго макулдашууга жөнөтүлөт.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, аткаруу мөөнөттөрүнүн тардыгын эске алуу менен ведомстволор аралык жумушчу топтун мүчөлөрү «Жеткиликтүү өлкө» Программасынын долбоорун иштеп чыгууга киришүүсү зарыл. Ал ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди коомдук жашоонун ар башка чөйрөлөрүндө басмырлоону четтетүүгө жана республиканын шаарларында, райондорунда жана айылдарында жеткиликтүү инфратүзүмдөрдү түзүүгө багытталган.

«Жеткиликтүү өлкө» Программасы алдыдагы 10 жылга карата стратегиялык жана маанилүү документ. Анда көп тараптуу жана өзгөчөлүккө ээ маселелердин кеңири түрү камтылган. Ал ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды коомго интеграциялоого, инклюзивдик билим берүүнү киргизүүгө, инфратүзүмдөрдүн жеткиликтүүлүгүн арттырууга жана медициналык-социалдык экспертизаны реформалоого шарт түзөт», – деди вице-премьер-министр.

Ал кошумчалагандай, бул тема боюнча кийинки жыйын көчмө түрүндө өтүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн Бишкекте түзүлгөн шарттарга мониторинг жүргүзүлмөкчү.

«Жеткиликтүүлүк, ойлонулган инфратүзүм, ыңгайлуу коомдук унаа. Тагыраагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин жашоосун жеңилдетүү үчүн биринчи кезектеги чараларды көрөбүз», – деди Алтынай Өмүрбекова.

Жыйындын катышуучулары ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер менен иштеген адистердин жетишсиздигин, бул категориядагы жарандардын жөлөкпулдарын көбөйтүү зарылдыгын, саламаттык маселелерин эрте аныктоо программаларынын жоктугу, шаардык инфратүзүмдү жакшыртуу жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды ишке орноштуруу көйгөйлөрүнө көңүл бурушту.

Кеңешменин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Республикалык медициналык-социалдык экспертиза борбору жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги менен биргеликте 2020-жылдын аягына чейин №088 маалым катын берүүдө жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды күбөлөндүрүүдө электрондук өз ара аракеттешүүнү уюштуруу мүмкүндүгүн карап чыгуу тапшырылды.

Майыптардын укуктары жөнүндө БУУ Конвенциясын ратификациялоого Кыргызстандын Президенти тарабынан 2019-жылдын 14-мартында кол коюлган.   Аны ишке ашыруунун алкагында негизги иш ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендерди абилитациялоо жана реабилитациялоо кызматтары менен камсыздоого, майыптуулуктун алдын алууга, медициналык жана социалдык жардам көрсөтүүгө, билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө, сот адилеттүүлүгүнө, эмгектенүү, эркин жүрүүнү, жеткиликтүү чөйрө жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн универсалдуу дизайн менен камсыздоо багытталган.

http://www.gov.kg/?p=137061&lang=kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*