Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн тургуну Толкунбек Турдукулов мүмкүнчүлүгү чектелген айылдашына 3 бөлмөлүү үй куруп берди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Толкунбек Турдукуловдун айтымында, мүмкүнчүлүгү чектелген айылдашы буга чейин авариялык абалдагы үйдө жашап жаткан.
«Муса аялы экөө тең мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар. 4 балалуу болушкан. Алардын экөө да майып. Муса таятасынын колунда чоңойгон, туугандары деле жок болчу. Айылдаштар айтканынан барып көрсөм, үйү кулайын деп калыптыр. Бир айда 3 бөлмөлүү үйдү куруп бердим», – дейт Толкунбек Турдукулов.
Т.Турдукулов милициянын отставкадагы майору, учурда жеке ишкерлик менен алектенет.
Leave a Reply