Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны жыл сайын 1 миңге өсүүдө

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2008-2016-жылдары Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны 58 миң 477 адам болгон. Бул Кыргызстандын калкынын жалпы санынын 2,87 пайызын түзөт. Бул тууралуу Ош шаарында өткөн жыйында айтылды.

Аталган жыйынга мэриянын, билим берүү мекемелеринин өкүлдөрү, шаардык социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери катышкан. Коомдук фонддун директору Рахат Шакирова учурда мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын 10 пайызы гана билим алып жатканын айтты.

«Негизи майып баланын төрөлүшүн жеке адамдын көйгөйү катары эмес, коомдун көйгөйү катары кабыл алышыбыз керек. Ошондуктан майып балдардын төрөлөшүн алдын алуу үчүн болочок энелерге өздөрүнүн ден соолугун туура көзөмөлдөөнү окутуу керек. Бирок тубаса эмес, төрөлгөндөн кийин кокустуктан майып болуп калгандар да бар. Мүмкүнчүлүгү чектелген бала айыл жергесинде жетиштүү камкордукка алынбайт. Биз ал үчүн ата-энелерди жоопко тарта албайбыз. Негизи социалдык кызматкерлер да баланын толук кандуу билим алуусуна жооптуу. Бирок социалдык адистер бүгүнкү күндө бөлүнгөн акчаны таратуучу гана болуп калган. Майып балдар бала бакчада, мектепте билим алууга укуктуу. Кыргыз Республикасы майып балдардын укуктары жөнүндөгү конвенцияны ратификациялагандан кийин аларга бардык билим берүү мекемелери милдеттүү түрдө шарт түзүп бериши керек. Ош шаарында мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды кабыл ала турган мектеп жок. Пандустары бар 10 мектеп болсо, аларда 1-кабатка гана чыга алышат. Майып балдарга ылайыкталган ажаткана да жок», – деди Рахат Шакирова.

Улуттук «Жаңырык желеси» коомдук фонду тарабынан жүргүзүлгөн анализ боюнча Ош облусунда 35 миң 913, Ош шаарында 7 миң 10 мүмкүнчүлүгү чектелген адам бар болсо, облус боюнча 5 миң 735, шаар боюнча 1 миң 436 майып бала бар. Ошондой эле жыл сайын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын саны миңге өсүп жатканы айтылды.

https://www.turmush.kg/news:374839

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*