Мүмкүнчүлүгү чектелген 7 бала жалпы билим берүүчү мектепке которулууда

Чүй облусунун Красная Речка айылындагы балдар үйүндө тарбияланып жаткан мүмкүнчүлүгү чектелүү 7 бала Дмитриевка айылындагы жалпы билим берүүчү мектепке которулууда. Бул тууралуу «Азаттыкка» Балдарды коргоо лигасынын төрайымы Назгүл Турдубекова маалымат берди.

Буга чейин алар балдар үйүнөн алыс, интернатта жашап келишкен. Мындан ары алар өз үйлөрүндө, инклюзиялык негизде билим алышмакчы. Мүмкүнчүлүгү чектелүү балдарды үй-бүлөгө кайтарып, коомго кошуу иштери өлкөдөгү балдар үйлөрү менен интернаттарды реформалоо программасынын алкагында ишке ашууда.

https://www.azattyk.org/a/30141730.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*