Жаран түшүнбөй кеткен учурда

Маектешүү көндүмү укуктук  жардам берүү үчүн маанилүү практикалык көндүм болуп саналат. Маектешүүнүн сапаты  кандайдыр бир деңгээлде, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн жарандар менен мындан ары иштөөнүн ийгиликтүүлүгүн аныктайт, бул натыйжада тигил же бул мамтүзүм туурасында элдин пикирин жана кадыр баркын калыптандырат. Көп учурда жарандар, маморгандар толук кандуу консультация бербей жаткандыгына, кайрылгандарды башка түзүмдөргө кайра жибергенин, кээде туура эмес же толук эмес маалымат бергенине нааразычылыгын айтышат.

“Мыйзам мамлекеттик органдарга алардын компетенциясынын алкагында консультациялык-укуктук жардам берүүнү талап кылат” – деп  Жылдыз Рыскулова Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ)  координациялоо боюнча борбордун директорунун орун басары “МКЮЖ системасынын субьекттери тарабынан консультациялык-укуктук жардам берүү тартиби” интервью алуу жана консультация берүү көндүмдү өстүрүү боюнча тренингдин жүрүшүндө айтты.  Тренинг 2019-жылы 5-августтан 9-августка  чейин Кара-Ой айылында, мамлекеттик органдардын 30 дан ашуун өкүлүнүн катышуусу менен уюштурулган.

Юридикалык жардам үчүн кайрылган адам, анын  проблемасынын чечилишине кызыкдар, бирок аны баары эле түшүнүктүү кылып айтып бере алышпайт. Адистин милдети – интервью аркылуу проблеманын маңызын түшүнүү, жана кардарга  толук кандуу укуктук консультация жана аны  чечүүнүн мүмкүн болгон укуктук ыкмаларын берүү.

Машыктыруучу, Кыргыз-Россия Славян университетинин соттук экспертиза кафедрасынын бөлүм башчысы Алия Калыбаеванын айытымында, интервью алуу көндүмдөрүнө (сурамжылоо жүргүзүү) жана консультация берүүгө ЖОЖ дордо да, иштеген жеринен да окутушпайт. “Интервью алуу көндүмүнүн жоктугу сапатсыз, толук эмес, туура эмес консультациянын топтолушуна алып келет. Бул жардам сурап кайрылган адамдын укуктук проблемаларын чечүүгө таасир берет. Бул тренингдин алкагында мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө аларга кайрылган адамдарга сурамжылоо жүргүзүү жана укуктук консультация берүү көндүмдөрү берилген” – дейт Алия Калыбаева.

Укуктук жардам үчүн кайрылган адамдардын көпчүлүгү бул жашоодо кыйынчылыкка көп учураган адамдар жана аларды өз алдынча чече алышпайт, бул ар кандай маданий жана социалдык деңгээлдеги, ар кандай улуттагы, ар кандай темпераменттеги адамдар. Ошондуктан, бардыгы эле так ошол укуктук аспекттерди бөлүү жөндөмүнө ээ эмес, буга ылайык адиске  иш үчүн маанилүү болгон фактыларды толук айтып бере алышпайт.

“Буга ылайык, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлери интервью алуу көндүмдөрүнө ээ болушу керек, бул алынган фактыларга туура укуктук баа берүү үчүн зарыл болгон маалыматты алуу жана толук кандуу консультация берүү үчүн зарыл” – дейт машыктыруучу, Кыргыз-Россия Славян университетинин Жазык укугу жана криминология кафедрасынын доценти Гульзада Джалгасыновна.

.

Адамдын инсандык сапаттарын өстүрүү боюнча машыктыруучу Жылдыз Дуйшенова натыйжалуу коммуникация боюнча интерактивдүү  сессия өткөрдү. Жылдыз Дуйшенованын сөзү боюнча, коммуникациянын негизи жаңылыштыктарынын бири болуп,  жаран маморгандын өкүлүн түшүнбөй кеткен учур болуп саналат. Демек, эмне үчүн келгени, деги эле келгени бекер болуп калат, анткени өз маселесин чечүү үчүн жетиштүү маалымат алган жок.

Сапаттуу консультациялык-укуктук жардам өзүнө жарандардын укуктары жана милдеттери туурасында маалымат берүүнү да, кардарларга юридикалык процедураларга кайрылууга байланышкан тобокелдиктер, кыйынчылыктар, төлөмдөр туурасында маалымат берүү, мисалы, мамлекеттик төлөмдөн  бошотуу мүмкүнчүлүктөрү, бюджеттин эсебинен экспертиза жүргүзүү ж.б.. Бул квалификациялуу  юридикалык жардам үчүн кайрылуунун санын бир топ азайтат.

“Буга байланыштуу, азыркы учурда мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жардам катары  мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) системасынын субьекттери тарабынан консультациялык-укуктук жардам берүү  боюнча практикалык колдонмо иштелип жатат, ал  унификациялоо жана бир түрдүү консультациялык-укуктук жардам көргөзүү максатын көздөйт” – деп белгиледи Жылдыз Рыскулова.

Тренинг МКЮЖнын демилгеси менен БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоору алкагында уштурулду.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*