Кара-Суу шаарында 8-августта Өзбекстандан жана Ош облусунун аймагынан келген ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында спорттун 6 түрү боюнча достук мелдеш болуп өттү.
Маалым болгондой, мелдешти Кара-Суу райондук мамлекеттик администрациясынын дене тарбия жана спорт комитети, «Сезим» майыптар коому уюштуруп, «Исмайыл ата» фонду каржылады.
Кара-Суу райондук спорт комитетинин төрагасы Зайырбек Эшмаматовдун айтымында, мелдеш 2 жылдан бери уюштурулуп келет.
«Мелдешке Өзбекстандан жана Ош облусунан жалпы 20 команда катышып, алар кол күрөш, аркан тартыш, обруч айландыруу, шахмат, футбол жана таш көтөрүү боюнча күч сынашты. Иш-чаранын максаты мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга колдоо көрсөтүү жана алардын спортко болгон кызыгуусун арттыруу менен эки элдин достугун, биримдигин бекемдөө болуп саналат.
Мелдеш жылына 2-3 жолу өтөт. Негизи уюмда 243 мүмкүнчүлүгү чектелген жаран бар. Жыл сайын көзү азиздер арасында иш-чара өтсө, быйыл угуу жана сүйлөө жөндөмдүүлүгүнөн ажыраган жарандар арасында өттү», – деди Эшмаматов.
https://www.turmush.kg/news:372996?from=portal&place=imp-turmush-kg
Leave a Reply