Кыргызстанда “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору даярдалууда

31-июль – 2-август 2019-жыл, Кара-Ой айылы, Ысык-Көл областы. “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (МКЮЖ) жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун иштеп  чыгуу боюнча жумушчу топтун отуруму болуп өттү. Жумушчу топ 2019-жылдын 14-майында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети тарабынан негизделген.

ЖКнын комитетинин бөлүм башчысы Бейшенбек кызы Камила катышуучуларды “МКЮЖ жөнүндөгү” мыйзамдын ишке ашырылышы боюнча жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгы менен тааныштырып өттү.

КРнын Юстиция министрлигинин алдындагы МКЮЖ координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков мыйзамды ишке ашыруудагы маселелер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле ал калкты натыйжалуу жана жогорку сапаттуу юридикалык жардам менен камсыз кылуу үчун бул мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө МКЮЖ координациялоо борборунун пикири менен бөлүштү.

Жумушчу топтун мүчөсу Алия Калыбаева МКЮЖ жөнүндөгү мыйзамды колдонуудан улам келип чыккан маселелер тууралуу айтып берди. Ал бирден бир маселе катары Акысыз юридикалык жардам борборлорунун туруктуу кызматкерлеринин жоктугун белгилей кетти. Республиканын ар бир районунда жарандарды алгачкы юридикалык жардам менен камсыз кылуу максатында, Акысыз юридикалык жардам борборлоруна штаттык кызматкерлерди бекитүү сунуш кылынды.

Жолугушуунун жүрүшүндө жумушчу топ алгачкы юридикалык жардам менен камсыз кылуу, ошондой эле кылмыш-жазык жана жарандык иштер боюнча квалификациялуу юридикалык жардам көрсөтүү боюнча мыйзам жоболорун иштеп чыкты.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Аида Мамбетованын айтымында, МКЮЖ системасынын баардык субъекттеринин кызыкчылыктарын эске алуу максатында иштелип жаткан мыйзам долбоору баардык кызыкдар тараптардын талкуусуна коюлат.

Иш чара Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин демилгеси менен, БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун жана Европа Союзунун “КРде укук үстөмдүгү – 2-чи фаза Программасынын” колдоосу менен өткөрүлүүдө.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*