Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн эки күндүк окутуу уюштурулат

АКШнын Эл аралык өнүгүү боюнча агенттигинин (USAIDдин) көмөгү менен Кыргыз Республикасындагы Шайлоо Системаларынын Эл аралык Фондунун (IFES) Өкүлчүлүгү КР Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы жана «Журналисттер» коомдук бирикмеси менен биргеликте ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугунун турмушка ашырылышын чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн эки күндүк окутуу уюштурат.

Окутуулар Бишкек шаарында 20-21-августта жана Ош шаарында 11-12-сентябрда өтөт. Окутуулар кыргыз тилинде өткөрүлөт.

Бул окутууга катышкысы келгендер

06.08.2019-ж. саат 17:00гө чейин

электрондук билдирмени он-лайн толтуруп, ага резюмени тиркеп жибериши керек.

Билдирмени он-лайн толтуруу формасы бул жерде.

Жол кире, жатакана жана тамактануу чыгымдарын уюштуруучулар өзүлөрү көтөрөт.

Ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын шайлоо укугун чагылдыруу боюнча журналисттер үчүн эки күндүк окутуу уюштурулат

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*