Аялуу топтордун укугун коргоо мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыты болушу керек

3-7-июлда Ысык-Көл областынын Бостери айылында үй-бүлөлүк, мурас, жер укуктары, ошондой эле калктын аялуу топторун социалдык камсыз кылуу маселелери боюнча тренинг өтөт. Тренингдин катышуучулары болуп адвокаттар, жактоочулар, нотариустар, Акысыз юридикалык жардам берүү боюнча борбордун (АЮЖБ) кызматкерлери, ошондой эле бүт республика боюнча юридикалык клиникалардын өкүлдөрү саналат.

“Калктын аялуу топторунун укугун коргоо жана камсыз кылуу мамлекеттик органдардын, анын ичинде Юстиция министрлигинин  ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыты болушу керек. Азыр биз Кыргыз Республикасынын “МКЮЖ жөнүндө” Мыйзамын сапаттуу ишке ашыруу үчүн бардык күчүбүздү  жана мүмкүнчүлүгүбүздү жумшашыбыз керек, ал калктын аялуу топторунун укугун жана эркиндигин коргоого багытталган”, – деди өзүнүн саламдашуу сөзүндө КР Юстиция министринин орун басары Марат Канулькулов.

БУУӨПтүн Укуктун улуктугу боюнча программасынын башкы технкиалык кеңешчиси Симоне Бонецкинин сөзү боюнча, азыркы учурда бүт өлкө боюнча Юстиция министрлигинин акысыз юридикалык жардам көргөзүү боюнча 24 борбору (АЮЖБ) иштейт, “Биз USAID программасы сыяктуу эл аралык өнөктөштөр биздин демилгебизди улап, жана буга окшогон борборлорду түзүүгө жардам көргөзүп жатканына кубанычтабыз. Чынында, эң жакшысы, мындай борборлор өлкөнүн бардык булуң-бурчтарында иштеши керек, ар бир муктаж болгон адам укуктук  жардам алгыдай болушу керек.

Укуктук жардамдын сапатын жакшыртуу максатында, ошондой эле акысыз укуктук жардам берүү борборлорунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн АЮЖБ ишмердүүлүгүнө мониторинг шайманы иштелип чыкты жана киргизилди. “Бул шайман андан ары колдонулушу үчүн  МКЮЖ КБга берилиши керек, жана биз, ал укуктук жарамдын сапатын жакшыртууга мүмкүндүк берет деп ишенебиз”,- деди Руслан Молдокасымов, биргелешип башкаруу боюнча USAID программасынын директору.

Үй-бүлөлүк жана мурас укугу боюнча маселелер боюнча тренингдин сессиясы кызуу талкууну дана катышуучулардын арасында дискуссияны жаратты.  Никеге туруу жана никени ажыратуу туурасында маселелер, жубайлардын мүлктүк мамилелери, алименттерди төлөтүп алуу жана башкалар актуалдуу маселелер болуп саналат жана көп учурда МЮЖБга жарандар ушул маселелер боюнча кайрылышат.  Машыктыруучулар, тренер катары соттор Аида Сейдакматова, Асель Чекирова чыгып, өздөрүнүн бул багыттагы бай тажрыйбасы  менен бөлүшүштү.

КР ЖС Конституциялык палатасынын соту Чынара Айдарбекова  жана жер маселелери боюнча эксперт Венера Ботобекова, жер тилкелерине болгон укуктардын келип чыгуу, өзгөртүү жана  токтотууга негиздери жөнүндө, жер тилкелери менен келишим түзүү учурунда келип чыккан укуктук проблемалар, ошондой эле жер талаштары боюнча соттордун укук колдонуучу практикасы туурасында айтып беришти.

Социалдык камсыз кылуу маселелери боюнча машыктыруучу катары Бурул Сүйүналиева жана Жылдыз Полотова сыяктуу жетектөөчү эксперттер чыгышты. Машыктыруучулар майыптыгы бар адамдарга мамлекет кепилдеген социалдык коргоо туурасында, мамлекеттик жөлөкпулдардын түрлөрү жана өлчөмдөрү туурасында, ошондой эле аларды дайындоо жана төлөө тартиби жөнүндө айтып беришти.

Иш чара Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун демилгеси боюнча, БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен, ошондой эле КРдагы Ист-Вест Менеджмент Институт тарабынан ишке ашырылган Биргелешип башкаруу боюнча  USAID  программасы тарабынан уюштурулуду.

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*