26 июнда калкка консультациялык укуктук жардам акциясы өтөт

2019-жылдын 26-июнунда Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбор (мындан ары – МКЮЖ КБ)  Координациялык кеңеш менен биргеликте МКЮЖ КБ, Кыргыз Республикасынын коммерциялык эмес уюмдарынын,  Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун юридикалык клиникаларынын жана башка уюмдардын жана жеке адамдардын ортосундагы 2018-жылдын 12-июнундагы Макулдашуунун (мындан ары – 2018-жылдын 12-июнундагы Макулдашуу) алкагында улуттук жана региондук деңгээлдерде, Юристтердин күнүнө арналган калкка консультациялык укуктук жардам көрсөтүүнү өткөрөт.

Акция Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” Мыйзамын натыйжалуу аткаруу, өзүнүн укуктарын сактоо мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн коомчулуктун маалымдуулугун жогорулатуу максатында укуктук тартипке жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу үчүн жүргүзүлөт.

Акцияга Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун, Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар, адвокаттар, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, коммерциялык эмес уюмдардын жана ЖОЖдордун юридикалык клиникаларынын өкүлдөрү катышат.

Акциянын алкагында төмөнкү даректер боюнча калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүлөт:

Бишкек шаары

(саат 11-00 дөн 20-00 гө чейин)

  1. Азия Молл, Ч. Айтматов атындагы проспект. 3
  2. Дордой Плаза, Ибраимов атындагы көчө, 115
  3. Аю гранд, (АЮ Спорт ЖЧК), Ч. Валиханов атындагы көчө, 2 ст. 8

Чүй облусу

(саат 10-00 дөн 20-00 гө чейин)

  1. Кара-Балта шаары, Т. Кожомбердиев атындагы көчө, 102 (Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борбору – АЮКБ)
  2. Токмок шаары, Сарбагышев атындагы көчө, 84 а (АЮКБ)

Ош облусу

(саат 10-00 дөн 20-00 гө чейин)

  1. «Корона» соода борбору, Ош шаары, Навои атындагы көчө
  2. Алай районунун АЮКБ, Гүлчө айылы, Нарматов атындагы көчө, номерсиз
  3. Ноокат районунун АЮКБ, Ноокат шаары, А. Лутфуллаев атындагы көчө, номерсиз

Нарын облусу

(саат 10-00 дөн 20-00 гө чейин)

  1. Нарын облусунун Юстиция башкармалыгы, Нарын шаары, Мамбеталу уулу Таранчы атындагы көчө, 18
  2. Нарын шаарынын борбордук аянты

Талас облусу

(саат 10-00 дөн 20-00 гө чейин)

  1. Талас шаарынын борбордук аянты

Ысык-Көл облусу

(саат 10-00 дөн 20-00 гө чейин)

  1. Ысык-Көл облусунун Юстиция башкармалыгы, Каракол шаары, Тыныстанов атындагы көчө, 21
  2. “Каракол” соода үйү, Каракол шаары, Токтогул/Алыбаков атындагы көчө
  3. Мамлекеттик нотариалдык конторалар

Жалал-Абад облусу

(саат 10-00 дөн 20-00 гө чейин)

  1. Жалал-Абад облусунун Юстиция башкармалыгы, Жалал-Абад шаары, Кыргыз Республикасы көчөсү, 139-а
  2. Базар-Коргон шаарынын АЮКБ, Бекмамат Осмонов атындагы көчө, 126
  3. «Ч. Айтматов» АБ Жалал-Абад шаары, Токтогул атындагы көчө, 14
  4. Жалал-Абад шаарынын борбордук бөлүгү

Баткен облусу

(саат 10-00 дөн 20-00 гө чейин)

  1. Кадамжай шаары, Орозобеков атындагы көчө, 1 (АЮКБ)
  2. Исфана шаары, Кошмуратов атындагы көчө, 46 (АЮКБ)
  3. Баткен шаарынын борбордук аянты

Кеңири маалыматты төмөнкү шилтеме боюнча алсаңыз болот: АЮКБ даректери: http://legalmap.gov.kg./ru/pages/free-legal-aid-centers/,  Кыргыз Республикасынын  Юстиция министрлигинин сайттарында www.minjust.gov.kg, ЦК ГГЮП  http://ukuk-jardam.gov.kg/ru

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*