Укмуш! Атай баштаган «Тотем шоу» дүйнөлүк сынакта финалга чыкты. Видео

Атай Өмүрзаков жана «Тотем шоу» бий тобу Кытайда World’s Got Talent таланттар сынагынын финалдык туруна жолдомо алды.

Быйылкы сезондо Кыргызстандан барган топ эң мыкты сегиз артисттин тизмесине кирди. Долбоордо 50 мамлекеттен келген таланттар ат салышууда.

«Тотем шоу» жарым финалда Венгриядан, Монголиядан, АКШдан, Испаниядан жана Ирландиядан барган бийчилер менен күч сынашты. Атай сынактын финалдык бөлүгү 11-июлда Кытайдын Чанша шаарында өтөрүн белгилеп, даярдыктар башталганын кошумчалады.

Финалга катышуу үчүн «Тотем шоу» бийчилер тобу каржылык колдоого муктаж .Өмүрзаков каалагандарды кызматташууга чакырды.

«Тотем шоу» тобу «Үмүт-Надежда» балдар борборунан чыккан «Тумар» тобу менен биргеликте түзүлдү. Жетекчиси — Атай Өмүрзаков.

http://jebe.media/2019/06/22/2183/?fbclid=IwAR1L4tY9Ri1oYmPGI8Ekl-RKoFGZ0YdZK2GX_R23a9dyOXnIUTFI0ygeQBc

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*