Дастан Алымбеков: Майыптардын азы гана коомго кошулбаса, көбү дубал тиктеп үйдө

Дастан Алымбеков 20 жашта. Мындан 7 жыл мурун ден соолугуна байланыштуу майыптар арабасына отуруп калган.

Ал турмуштун сыноосуна сынбай, ар кайсыл ийримдерге катышып, учурда бир канча кесиптин ээси экенин айтат.

— Кырсыктагандан кийин арабага отуруп калгансызбы же башка себептери барбы?

— Мен Талас облусунан болом, 2 жашымда Бишкекке көчүп келгенбиз. Биринчи класска кадимки балдардай эле бардым, бактылуу балалыкта эркелеп жашадым десем да болот. Ошол жылы сыркоолоп калып, жүлүндөн операция болдум, кийинки жылдары дагы оорунун айынан 5 жолу операция жасатканга туура келди. Майыптар арабасына отурганда болгону 7 жашта элем…

Кудайга шүгүр, мугалимдер үйгө колу бошогондо келип окутуп, айтор 9-классты аяктадым. Учурда Инновациялык технологиялар жана экономика колледжинде 3-курста дистанттык негизде окуйм. Муну менен катар ИТ-адистиги, компьютер, англис тили, видеоблогер жана СММ ийримдерине барып, билим алдым.

— Негизи эле мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн билим алууда кандай кыйынчылыктар бар?

— Мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн билим алуу оор эле. Пандус, лифт жок. Окуу жайга тапшыруу үчүн, апам экөөбүз 3 күн бою Бишкекти толугу менен кыдырдык. Баары эле бири бирине түртө беришти. Акыры дисстанттык негизде окууга туура келди. Барып келип билим алып студент болуу -кыялдарымдын бири эле. Ошого даярданып атайын унаа алып, айдаганды да үйрөнгөм.

Негизи эле майып арабасында отургандардын эң чоң көйгөйү -пандус, даараткана жана унаа.

— Мамлекет тарабынан кандай жеңилдиктер, колдоолор болот?

— Мамлекет тарабынан ай сайын жөлөк пул 1 миң 500сомдон 3000 сомго чейин алам. Ал эми жаңы жылда 500 сом кошумча берилет.

— Иш-чараларга активдүү катышып турасызбы? Ырдайт экенсиз, бул сиздин хоббиңизби?

— Аябай активистмин, үйдө тынч отурбайм. Кудайга шүгүр ишим көп. Ырдоо —мен үчүн хобби. Негизи эле элге, мүмкүнчүлүгү чектелгендерге үлгү болоюн деп ырдаганымды интернетке чыгарам.

Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарыбыз көп, 185 миңдей. Коом алдына аз эле адам чыгабыз. Мисалы, «Тумар» бийчилер тобу жана саналуу эле кишилер. Көбү 4 дубалды тиктеп отурушат, тартынышат, бекинет.

Чет жерде мындай көрүнүштөр дээрлик жок, баары бирдей жүрөт, тартынбайт. Чет жакта мүмкүнчүлүгү чектелгендер үчүн шарты да бар. Бизде да ошондой болсо дейм, бизде таланттуулар өтө көп. Өздөрүн эл катары сезип, ачылышса деп ар бир ишимди интернетке чыгарганым ошондон.Мен мыкты ырдайм деп мактана албайм, бирок иш-чараларда ырда десе, албетте кубанып ырдап берем. Талант 1 пайыз, аракет 99 пайыз эмеспи, мындан улам жалкоо болбошубуз керек.

Ырчыларды кумир тутуп деле аны эңсеп туурабайм. Кайрат Примбердиев экөөбүз бир туугандардын балдарыбыз, каныбыз бир. Агам менен сыймыктанам, бирок менин максатым ырчы болуу эмес.

-Социалдык тармактарда «Дастан Коляскамен» деген такма атты колдонот экенсиз, Эмне себептен бул атты тандап алдыңыз? Сизге кимдер колдоо көрсөтүп турат?

— «Коляскамен» дегеним «Суперменге» окшоп кимге жардам керек болсо, ыкчам барып калгым келет. Мүмкүнчүлүгү чектелгендердин шарттарын түзүп, пайдалуу окууларды, унаа айдаганды, долбоорлор менен иштегенди үйрөтүп, укуктарын коргосом дейм.

Кудайга шүгүр, жумушумду колдон алган ата-энем жана төрт бир тууганым бар. Азыркы учурда долбоорлор менен иштейм. «Кызыл ай» коомунда СММ менен иш алып барам. Видеоблогер, мотиватор, полиграфияда долбоордун координатору, программист болуп, айтор бир топ иштерде иштейм.

Америка, Кытай, Казакстан сыяктуу чет өлкөлөргө ар кандай эл аралык жыйындарга барып катышып келдим. Мындан сырткары спорт менен машыгам. Жашым 20да, жар болчу кыздар жолуга элек.

— Сиздин кыялыңыз, алдыга койгон максаттарыңыз? Коомчулукка айтайын деген кебиңиз барбы?

— Мен да жаңы коляскага олтурганда депрессияга түшкөм, эч кимди көргүм келчү эмес. Элден качып, жалгыздыкты жакшы көрчүмүн. Ал өзүңө, үй-бүлөңө эле зыян экенин түшүнгөндөн кийин өзгөрдүм. Майыптар арабасындагы абалымдан уялып, үйгө конок келсе бекинип калчы элем, жаш экем да. Көрсө, элдер майыптар арабасын эмес, сенин сый урматыңды, ийгилигиңди, мамилеңди, тарбияңды карайт тура. Баары өзүңдөн көз каранды экен. Учурашып, жылуу мамиле кылсаң, сенден эч ким коркуп качпайт. Мээрман элибиз бооруна тартат экен.

Тагдырга ушул жазылган соң, ошону кабыл алып өсүш керек.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын ата-энелерине кайрылаар элем, балдарыңарды колдогула. Кайгырбагыла, сабырдуу болгула. Балдарыңарды коомго аралаштыргыла, сүйгүлө.

Сүйүү- балага чоң ишеним берет. Менин апам кичинемде «депутат» болосуң деп тарбиялаган. «Мектептен мугалим бир айда бир келсе делеби?» — десем, «Өзүнө ишен. Окуу мугалимге эмес, сага керек. Өзүң оку, мугалимге таянба, бирөөгө милдет кылба. Өзүңдү оңдо» деп тарбиялаган.Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар кайраттуу, иштерман болушат. Аларга дем күч, кичине эле таяныч болсо, алар канаттарын жайып турмуштун азап тозокторун жеңип кетишет.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга айтаарым, баары өз колубузда. Жашоонун кызыгын өткөзүп жибербегиле. Ыйлап үйдөн чыкпасаң да, таарынсаң да убакыт өтө берет. Көп мүмкүнчүлүктү пайдаланып калгыла.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*