Sputnik Кыргызстан көзү азиз Дастандын кыялын орундатты

Дастан 2015-жылдан бери Бишкектеги көзү азиздер жана көрүүсү начар балдар үчүн мектеп-интернатында тарбияланат.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүн утурлай Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу 17 жаштагы Дастан Камчыбековдун радиостудияда алып баруучу болсом деген кыялын орундатты.

  • 17-летний Дастан Камчыбеков с атрофией зрительного нерва, который мечтал оказаться в радиостудии побывал в качестве ведущего на радио Sputnik Кыргызстан

© SPUTNIK / ТАБЫЛДЫ КАДЫРБЕКОВ
1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнүн утурлай Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу 17 жаштагы Дастан Камчыбековдун радиостудияда алып баруучу болсом деген кыялын орундатты

Дастан эфирде радио алып баруучу Айтурган Сатиева менен баарлашып, аны менен “Өзгөчө маек” программасынын алкагында сүйлөштү.

Баарлашуу учурунда ал радионун жумушу, журналист, алып баруучулардын иши тууралуу маалымат алып, түз эфирди толкунданбай алып барууну үйрөндү.

Дастан алып баруучудан маек алып бүткөндөн кийин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосунун жетекчиси Елена Череменина ага компаниянын баалуу белектерин тапшырды.

“Биз үчүн бир адамдын болсо дагы кыялынын бир бөлүгүн орундатуу маанилүү. Балдардын ойлогону сөзсүз аткарылсын, чоңдор болсо аларга жол көрсөтүүгө аракет кылабыз”, — деди Череменина.

Дастан 2015-жылдан бери Бишкектеги көзү азиздер жана көрүүсү начар балдардын мектеп-интернатында тарбияланат. Ал төрт жыл мурун Таластагы катардагы мектептердин биринде эле окучу. Бирок башынан жаракат алып, туура эмес дарылануудан кийин көзү көрбөй калган.

Дастан музыкага жакын. Сыбызгы жана комузда кол ойнотот. Келечекте ким болорун так аныктай элек, бирок ага журналистика, музыка жана тарых жагарын айтты.Sputnik эл аралык маалымат агенттиги дүйнөдөгү ири ЖМКлардын бири. Агенттик 30дан ашык тилде маалымат таратат.

Sputnik сайты постсоветтик мамлекеттердеги ЖМКлар арасында жаңыча ыкма менен иштеп, алдыңкы орундарга чыкты. Жакынкы чет мамлекеттердеги Sputnik порталы улуттук жана орус тилинде чыгып, окурмандарга түрдүү мультимедиалык маалыматтарды сунуштайт. Инфографика, видео, сүрөт түрмөгү, онлайн-эфирлер, сурамжылоо жана подкасттарды таап окусаңыздар болот. Күнүмдүк жаңылыктардан тышкары, Sputnik агенттиги аналитикалык материалдарды жана эксклюзивдүү маектерди да окурмандарга сунуштайт. Ал эми Sputnik радиосу 18 тилде эфирге чыгат.

https://sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.

*