БУУнун майыптардын укуктары жѳнүндѳ конвенциясын Кыргызстан кантип ишке ашырат?

БУУнун майыптардын укуктары жѳнүндѳ конвенциясындагы милдеттерди аткаруу үчүн Кыргызстан 6,6 млрдсом же болжол менен $94,5 млн каражат бѳлѳтЭксперттердин ою боюнча, бул абдан эле ири сумма болуп кѳрүнгѳнү менен, 10 жылга жана жалпы ѳлкѳгѳ бѳлѳ келгенде, инфратүзүмдү пайда кылууга да жетпей калат.

Автор: Асел Сооронбаева, CABAR.asia

Бүгүнкү күндѳ Кыргызстанда ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын саны 181 миӊ кишини түзѳт. Алардын саны жыл сайын ѳсүп, акыркы 7 жылда 21,5%га кѳбѳйдү. Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министрлиги бул эӊ эле биринчиден калктын демографиялык ѳсүүсү менен байланыштуу экендигин айтууда. Майып жарандар жалпы калктын 3% түзѳт.

2019-жылдын 14-мартында Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков БУУнун майыптардын укуктары жѳнүндѳ конвенциясын ратификациялоого кол койду. Документ 24-марттан тартып күчүнѳ кирди. Бул болсо, мамлекет майыптуулугу бар жарандарды жеткиликтүү чѳйрѳ жана инфратүзүм менен камсыздоо, аларды күнүмдүк турмушка толук аралаштыруу, бардык укуктар жана эркиндиктерди берүү боюнча милдет алып жаткандыгын билдирет.

Мамлекет ден соолук жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар (ДМЧА) коомдук жайларда эркин жүрүү, билим берүү мекемелерге баруу, социалдык жана маданий иш-чараларга катышуу мүмкүндүгүнѳ ээ болуусу, ошондой эле башка жарандар менен бирдей эле толук кандуу жашоосу үчүн бардык шарттарды түзүп бериши керек. Башкача айтканда, ден соолук жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын ѳздѳрүнѳ карата эч кандай кемсинүү сезими болбоого тийиш.

БУУнун майыптардын укуктары жѳнүндѳ конвенциясы 2006-жылы БУУ Башкы ассамблеясы тарабынан кабыл алынган. Кыргызстан ага 2011-жылы кирген. Бирок, керектүү каражаттардын жоктугуна байланыштуу, документти ратификациялоо 8 жылга созулуп кеткен.

2018-жылдын апрель айындагы абал боюнча, Конвенцияга 177 мамлекет, ошондой эле Европа биримдиги кирет. КМШ боюнча документке тѳмѳнкү ѳлкѳлѳр кол коюп, ратификациялашты (Инфогрфика ылдыйда)

Конвенцияга Ѳзбекстан 2009-жылы, Тажикстан болсо, 2018-жылы эле кол койгонуна карабастан, аталган эки мамлекет ага расмий түрдѳ кире элек жана документ ушул күнгѳ чейин ратификацияланган жок.

Татаал маселелер

2015-жылы эксперт-финансисттер майыптуулугу бар адамдарга бирдей шарттарды түзүп берүү үчүн мамлекеттик бюджеттен 36 млрд сом (болжол менен $515 млн) каражат керек экендигин эсептеп чыгышкан. Ѳлкѳ үчүн мындай ири сумма Конвенциянын ратификацияланышын 8 жылга созуп жиберди.

2018-жылы ошол эле эксперттер план менен бюджетти кайра карап чыгып, сумманы 5,5 эсеге азайтышкан. Эми Конвенцияда белгиленген ченемдерди ишке ашыруу үчүн 6,6 млрд. сом ($94,5 млн. жакын) жетиштүү жана Кыргыз Республикасынын бийлиги бул каражаттардын жакынкы 10 жылдын ичинде сарптала тургандыгын белгилѳѳдѳ.

Социалдык ѳнүгүү министрлигинин берген маалыматы боюнча, аталган сумма ДМЧА үчүн турак-жай курууга багытталган чыгымдар тууралуу берененин жоюлушунун натыйжасында болжол менен 30 млрд сомго ($43 млн) кыскартылган.

Мамлекеттик органдар алгачкы иретте 75 ченемдик-укуктук актыны шайкештеп чыгуусу абзел. Булардын ичинде КР жарандарын медициналык жана санитардык жардам менен камсыздоо боюнча мамлекеттик кепилдик программасы, «Билим берүү жѳнүндѳ» жана «Медициналык камсыздандыруу жѳнүндѳ» КР мыйзамдары бар. Бул ишти аткаруу үчүн атайын ведомство аралык жумушчу топ түзүлгѳн. Бардык ченемдик-укуктук актыларды шайкештѳѳгѳ жалпысынан 3 жыл талап кылынаары болжолдонууда.

2016-жылы Кыргызстанда ден соолук жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын социалдык жана укуктук абалы менен алардын адаптацияга байланыштуу кѳйгѳйлѳрүнѳ анализжүргүзүлгѳн. Изилдѳѳдѳ ѳлкѳдѳ ДМЧА жѳнүндѳ мыйзамдар начар аткарылып жаткандыгы жана ишмердүүлүктүн түрлѳрү менен жумуш шарттары боюнча белгилүү бир чектѳѳлѳрдү жараткандыгы белгиленген. Ал эми «имараттардын туура эмес инфратүзүмү же болбосо жардамчы технологиялар менен каражаттардын жоктугунан улам социалдык мекемелердин кызматынан пайдалануу мүмкүн эмес».

Аталган изилдѳѳдѳн бир жыл мурун Кыргызстанда мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар тарабынан МКТ колдонуунун жеткиликтүүлүгү менен ыӊгайлуулугу изилденген. Иш-аракеттин жыйынтыгында ДМЧА медициналык тейлѳѳ жана реабилитация кызматтарынан пайдаланууда алсыз экендиги; ѳлкѳдѳ майыптар арабасы менен жүрүүгѳ тийиштүү шарттар түзүлбѳгѳндүгү; майыптар чечимдерди кабыл алуу процессине тартылбагандыгы жана мамлекеттик саясатты иштеп чыгууда алардын муктаждыктары эске алынбагандыгы аныкталып чыккан.

Эмгек жана социалдык ѳнүгүү министринин орун басары Жаӊыл Алыбаева эл аралык стандарттарды мындай койгондо, Кыргызстандын учурдагы чѳйрѳсүнүн ден соолук жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн ыӊгайсыз экендигин белгилейт. Анын айтымында, 2014-жылдан 2017-жылга чейинки мезгил аралыгында ѳкмѳт мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын жашоосун сапат жагынан жакшыртуу боюнча комплекстүү программаны ишке ашырган:

«Кыргызстан Конвенцияга кол койгондон кийин, 8 жыл бою ведомство аралык жумушчу топ иштеди. Бул жумушчу топ комплекстүү программаны иштеп чыккан. Жалпысынан 36 милдет коюлуп, коммерциялык уюмдарды ДМЧ адамдарга кызмат кѳрсѳтүү жаатында аккредитациялоо иш-аракетинен башка бардык милдеттер аткарылды».

Бюджет үчүн кѳтѳрѳ алгыс жүк

БУУнун майыптардын укуктары жѳнүндѳ конвенциясынын аккредитацияланышы мүмкүнчүлүгү чектелген кыргыз жарандары үчүн кагаз жүзүндѳ гана эмес, коомдун толук кандуу мүчѳсү болуу үмүтүн пайда кылды. «Майып балдардын ата-энелеринин ассоциациясынын» (МБАА) юристи Сейнеп Дыйканбаева майыптуулугу бар жарандардын жашоосунун жакшырышына үмүтү бар экендигин билдирди:

«Божомолдор жетишээрлик деӊгээлде оптимисттик мүнѳздѳ, анткени бизде күчтүү жарандык коом менен мамлекеттик ачык саясат бар. Мамлекеттик органдар социалдык жактан маанилүү маселелерди чечүүгѳ даяр. Себеби алар майыптуулугу бар адамдардын абалын жакшыртуунун жана алардын кѳйгѳйлѳрүн чечүүнүн олуттуу экендигин жакшы түшүнүшѳт. ДМЧ адамдардын укуктарын таануу менен, мамлекетибиз саясий эркин кѳрсѳтѳ алды. Бул болсо, дүйнѳлүк коомчулукта мамлекеттин имиджин кыйла жогорулатат».

Дастан Алымбеков омуртка тутумуна эки жолу жасалган операциядан улам 7 жашынан бери майып арабасы менен жүрѳт. Анын айтуусу боюнча, Кыргызстанда ДМЧ адамдар үчүн шарттар жай болсо дагы, акырындап жакшырууда.

«Шаардагы жолчырактардын кѳбү үн менен иштей баштады. Кээ бир жерлерде майыптар үчүн атайын белгилер орнотулду. Бирок, жарандар унааларын токтотуп, ал белгилерди жаап салууда. Ал эми МАИ кызматкерлери бул абалды жѳнгѳ салууда кѳмѳк кѳрсѳтпѳѳдѳ».

Анын ою боюнча, эгерде жемкордукка жол берилбесе, бѳлүнгѳн 6,6 млрд. сомго ($94,5 млн. жакын) ѳлкѳдѳ маанилүү нерселерди ѳзгѳртүүгѳ болот:

«Конвенциянын жүзѳгѳ ашырылышы боюнча мамлекетибиз БУУна отчет берүүгѳ милдеттүү. Аны жѳн гана кагаз жүзүндѳ кабыл алышкан жок деп эсептейм. Качандыр бир убакта түшмѳ ѳтмѳктѳрдѳгү кѳтѳргүч түзүлүштѳрдү оӊдоп, ден соолук жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн токтоочу жерлерди кѳбүрѳѳк орнотушат деп ишенем».

Учурда Конвенциянын ченемдерин ишке ашыруунун бюджети тѳмѳнкүдѳй:

Социалдык ѳнүгүү министринин орун басары Жаӊыл Алыбаеванын айтуусу боюнча, 2020-жылдан тартып, Конвенцияда белгиленген милдеттерди аткаруу боюнча пландалган иш-чараларды ишке ашыруу үчүн ар бир ведомство керектүү суммадагы каражаттарды бюджетке тѳгүп турат.

Бирок, экономист Азамат Акенеев каралган каражаттардын жетишсиз экендигин белгилейт:

«10 жылдык мѳѳнѳткѳ сунушталган 6 миллиард сом жыл сайын 600 миллион сомго (болжол менен $8,6 миӊ) жакын каражат же болбосо, ден соолук жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген киши башына бир жылда 3 300 сомго жакын ($47) акча бѳлүнѳт дегенди билдирет. Учурдагы абалды эске алганда, бул сумма билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо кызматтарын мындай коюп, майыптардын жѳн гана эркин жүрүүсү үчүн мүмкүнчүлүк түзүп берүүгѳ жетпейт».

Акенеев ал тургай бул каражаттардын бѳлүнүп берилиши дагы мамлекеттик бюджет үчүн кѳтѳрѳ алгыс жүк экендигин кошумчалады.

Коӊшу мамлекеттердин тажрыйбасы

Казакстан – Борбордук Азия мамлекеттеринин ичинен биринчилерден болуп Конвенцияны ратификациялаган. Ѳлкѳдѳ 670 миӊден ашык майып жашайт. Алардын ичинен 10% – 18 жашка чейинки балдар менен ѳспүрүмдѳр.

“Parasat” тутумдук изилдѳѳ институтунун алдыӊкы эксперти жана CABAR.asia аналитика мектебинин бүтүрүүчүсү Найли Альмухамедованын пикири боюнча, тосмосуз чѳйрѳнү пайда кылуу багытында маанилүү ийгиликке республикалык деӊгээлдеги шаарларда жетүү мүмкүн. Бирок, аймактарда кѳйгѳйлѳр абдан эле курч:

«Негизинен, аймактарда советтер союзунун учурунда курулган турак-жайларга, транспорттук инфратүзүмдүн, тейлѳѳ тармагынын (билим берүү, бош убакытты ѳткѳрүү, маданият, спорт ж.б.) объектилерине мүмкүндүк алууга байланыштуу маселелердин чечилишин талап кылышат. Мындан сырткары, инклюзивдүү билим берүүнүн сапаты жана жарандардын бул категориясын жумуш менен камсыз кылуу боюнча маселелер да бар».

Ошентсе да, Казакстанда майыптуулугу бар жарандардын жашоосун жакшыртуу жана укуктарын коргоого байланыштуу маселелер акырындап чечиле баштады деп ойлойт. Муну инфратүзүмдүн жакшыруусунан, билим алуу жана жумушка орноштуруу тармагында квоталардын берилишинен байкоого болот.

2017-жылы эле Алматы шаарында ДМЧА үчүн инфратүзүмдү курууга акимат 4 млрд. теӊге (736 млн.сом же $10,5 млн.) бѳлүп берген.

https://pk.kg/news/14407

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*