Жалал-Абадда мүмкүнчүлүгү чектелген балдар окуган мектепке жардам берилди

Turmush –  Бүгүн, 1-июнь — Балдарды коргоо күнүндө Жалал-Абад облусундагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга билим берген Жумабек Ниязов атындагы көмөкчү мектебиндеги тарбиялануучуларга майрамдык маанай тартууланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Балдардан өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы, милициянын полковниги Кылыч Жолдошов, аким Эркин Маматаев жана бир катар мекеме-ишканалардын жетекчилери кабар алышып, аларга өздөрүнүн белектерин беришти.

«Балдар биздин бактыбыз, аларга бактылуу балалык тартуулайлы. Жай мезгили дагы башталды. Балдарды эс алдырууну колго алуу аракети көрүлүүдө. Бардык балдарды эс алдыра албасак дагы колдоого муктаж болгон балдар эске алынууда. Быйыл дагы өспүрүмдөр үчүн лагерлер иштейт деп үмүт артабыз», – деди ал.

Жалал-Абад ОИИБдин башчысы К.Жолдошов балдарды дайыма коргоого, кубаныч тартуулоого чакырды.

«Балдар эч кимден запкы жебеши керек. Балалыктын бактылуу доорун сүрүшү үчүн баарыбыз колдон келген аракетибизди жумшай беребиз. Бул мектепке мүмкүнчүлүгүбүзгө жараша колдоо көрсөтүүнү уланта беребиз. Биз тарбиячылардын пикирин эске алып, кийим салуучу жабдыктарды алып бердик. Бул мектептин балдарына башка учурларда дагы колдоо көрсөтөбүз», – деди ал.

Өкүлчүлүк тарабынан 25 миң сом акчалай колдоо көрсөтүлсө, тартип сакчылар тарабынан 50 миң сомдук жабдыктар тапшырылды. Ошондой эле мекеме-ишканалардын өкүлдөрү да акчалай колдоо көрсөтүштү.

Мектептин балдары патриоттук ырларды аткарышып, бий өнөрлөрүн тартуулашкан.

Ж.Ниязов атындагы мектепте учурда район жана шаарлардан келген 153 бала билим алат. Быйыл 9-классты 17 окуучу аяктады. Балдарга билим эле берилбестен 9-класстын окуучуларына ашпозчулук өнөр үйрөтүлүүдө.

Ноокен районуна караштуу Шайдан аймагында жайгашкан мектеп 1980-жылдан бери саламаттыгынан жабыркаган балдардын сабатсыздыгын жоюп келет.

https://www.turmush.kg/news:368048?from=rss

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*