Кыргызстанда 1-июндан тартып балдарга карата зордук-зомбулукка каршы кампания башталат

Президент Сооронбай Жээнбековдун колдоосу менен эртең, 1-июнь — Эл аралык балдарды коргоо күнүндө балдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча «Тумар» улуттук кампаниясы башталууда.

Кампания Бишкек шаарындагы эски аянтта, саат 10:00дө анын башталышын символдоштурган «Тушоо кесүү» каада-салтынан башталат.

Иш-чарага президенттин аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев катышат.

200 манасчы, 100 комузчу балдардын жана башка фольклордук номерлердин коштоосу күтүлүүдө.

Кампаниянын идеясы — балдарды зомбулуктан коргоо, балдарга зордук-зомбулук боюнча мамилени өзгөртүү, уруп-сабоого тыюу салуу жана ата-энелерге балдарды позитивдүү маанайда тарбиялоо тууралуу маалымат берүү.

Балдарды коргоо маселеси бардык мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өкмөттүк эмес уюмдар жана эл аралык уюмдар тарабынан күн сайын жана туруктуу негизде каралышы жана чечилиши керек.

Аталган кампания — мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, өкмөттүк эмес жана коомдук уюмдардын күчүн бириктирүү болуп саналат. Компания БУУнун Балдар фондусу менен биргеликте ишке ашырылууда.

Иш-чаранын негизги билдирүүсү: «Мен балдар үчүн коргоочу — Тумар болом!».

Ар бир адам ушул ураанды карманып, ар бир баланы жамандыктардан жана коркунучтардан сакташы керек.

2019-жылы дүйнөлүк коомчулук Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциянын кабыл алынышынын 30 жылдыгын белгилейт. Кыргызстанда Конвенция 25 жыл мурда ратификация болгон.

Кампания 1-июнда башталат жана 2019-жылдын аягына чейин улантылат.

Анын негизги максаты — Балдарды зордук-зомбулуксуз тарбиялоо үчүн жарым миллион кол чогултуу жана позитивдүү ата-энелик милдетти аткарууну жайылтуу.

http://www.ent.kabar.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*