Балдарды коргоо күнү: Москва районунда майып балдарга 28 000 сомдук белектер тапшырылды

Turmush –  ИИМдин «Шумкар» атайын багыттагы полкунун өздүк курамы 1-июнь — Балдарды коргоо күнүнө карата Москва районунун Беловодск айылындагы балдар психоневрологиялык социалдык стационардык мекемесиндеги балдарга белектерин тапшырышты. Бул тууралуу аталган полктун басма сөз кызматынан билдиришти.

Балдарды майрамы менен полктун командири, милициянын полковниги А.Султаналиев куттуктап, ар бир балага ден соолук тилеп, мугалимдерине ыраазычылык билдирди. Өз кезегинде аталган интернаттын жетекчилиги «Шумкар» атайын багыттагы полкунун жетекчилигине жана өздүк курамына терең ыраазычылык айтышты.

Мектеп-интернатына 28 000 миң сомдук белектер тапшырылган.

https://www.turmush.kg/news:367995

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*