Тагдыр: Өзүмдүн майып экенимди деле унутуп калам, – чебер З.Саданова

Ош облусунун Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнүн Кыш-Абат айылынын 39 жаштагы тургуну Зина Саданова тубаса майып болуп төрөлгөнүнө карабай, учурда кол өнөрчүлүк менен алектенет. Аймактык кабарчы аны менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, учурда ал чеберчилик боюнча атайын окуу курсунда билим алып жатат.

«Апам мен боюнда бар кезинде катуу ооруп, билбегенден улам күчтүү дарыларды ичип алган экен. Мындан улам мен майып болуп төрөлүптүрмүн. Дарыгерлер шал оорусу деп диагноз коюшту. Кийин төрт жолу операция болдум, бирок жыйынтык болгон жок. Азыр баса албайм, арабада отурам.

Бой жетип калганда өзүмдү жалгыз сезчү элем. Ошондуктан эч жакка чыкпай, үйдө эле отурчумун. Бирок коммуникациянын жоктугу адамга терс таасирин тийгизет экен. Кийин акырындык менен дос таап, алар менен баарлашып, ар кандай темаларда сүйлөшүп, адамдар менен өз ара мамиле түзө баштадым. Ошентип дүйнөдө жалгыз эмес экенимди жана жашоо мындан дагы кызыктуу экенин сездим. Досторум аркылуу мени курчап алган жаман ойлордон арылып, депрессиядан чыктым. Өзүм кол өнөрчүлүккө кызыккандыктан чеберчилик боюнча атайын курстан билим алып жатам. Бул жактан дагы көп нерсени үйрөндүм. Окуу менен алектенип жүрүп, өзүмдүн майып экенимди деле унутуп калам. Оору тууралуу ойлобогонго аракет кылам. Антпесе стресске кабылам. Ошондуктан өзүмдү башка адамдардай эле сезем», – дейт З.Саданова.

Анын айтымында, ал өмүрүндө биринчи жолу сууга түшкөнүн эч унутпайт.

«Бир жолу досторубуз менен Баткенге барып калдык. Өмүрүмдө жаратылыш койнундагы көлгө түшүп көргөн эмесмин. Досторумдун баары түшүп жатса аябай кызыгып, түшкүм келди. Бирок баса албагандыктан айла жок отурдум. Курбу кыздарым «кел, сен дагы көлгө түш. Биз жардам беребиз» деп, мени араба менен көлдүн жээгине алып барып отургузуп коюшту. Биринчи бутумду сууга салдым, аябай жакты. Кантип сүзөм деп ойлонгуча жардам берүү үчүн эки баланы чакырышты. Аларга ишенип, сууга кирдим. Бирок өзүмдү таштап жибергендиктен суунун ичине кирип, тумчугуп кеттим. Көзүмдү ачсам эч нерсе көрүнбөйт. Өзүмдү өлүп калдым го деп ойлодум. Бир аздан кийин суунун үстүнө чыктым, көрсө жардам берген балдар жанымда эле турушуптур. Ошентип сууга кайра баллон менен түшкөнүм эсимде», – дейт ал.

З.Саданова ар кандай шурулардан шакек, сөйкө жасайт жана кийим тигет. Эми бул кол өнөрчүлүгүн улантып, киреше табууну жана чакан дүкөн ачууну көздөп жатат.

«Кышкысын жылуу кийимдерди түйөм. Өзүмө чак келүүчү кийимдерди эки күндө тигип бүтөм. Келечекте чакан дүкөн ачып, тагдырлаштарыма ылайык кийимдерди тигип сатсам деп кыялданам», – дейт ал.

Ал үй-бүлөдө 10 бир туугандын алтынчысы.

 

https://www.turmush.kg/news:367244

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*