Ак-Талаадагы майып балдарды окутуу борборунда жумуш орундары чечилбей жатат, – ата-энелер

Turmush –  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы «Кыял» ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу борборунда жумуш орундар түзүлбөй жаткандыгына ата-энелер нааразы болушууда, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 2019-жылдын 24-январь күнү айылдык кеңештин депутаты Нургүл Мамбетованын демилгеси менен «Кыял» ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окутуу борбору ачылып, ишке берилген. Ошол күндөн бери мектептин мугалимдери, бала бакчанын тарбиячылары убактылуу кезек менен балдарды окутуп келишкен. Бирок атайын логопед мугалимдин жоктугу, күн сайын балдарды окутуу, тарбиялоо үчүн тарбиячынын жумуш орду чечилбей жаткандыгы көйгөй жаратууда.

«Бул борбор ачылгандан бери майып балдарыбызды алып келип окутуп жатабыз. Абдан жакшы жыйынтык берүүдө. Балдарыбыз тамга таанып, санап калышты. Борбор ачылганда 1 тарбиячы, 1 кароолчу жана 1 айдоочу үчүн жумуш оруну түзүлүп, аларга айлык маяна берилет дешкен. Бирок бүгүнкү учурга чейин жумуш орундары түзүлбөй, балдарыбыз окутулбай калып жатат. Башында ар бир ата-эне 500 сомдон чыгарып, 1 тарбиячыга 2500 сом айлык төлөп бергенбиз. Андан сырткары, бир жеке ишкер “Жигули” унаасын борборго балдарды ташып турганга деп берген болчу. Ошол унаанын күйүүчү майына деп 1 миң сомдон чогултуп бергенбиз. Ал унаа балдарыбызды борборго алып келип, кайра алып кетип жатат. Болгону, балдарыбызды тарбиялаганга, күн сайын иштеп бергенге 1 тарбиячынын, 1 кароолчунун жана 1 айдоочунун жумуш ордун түзүп берип, айлык маяна төлөп берип турушса болмок. Бул боюнча райадминистрацияга, облустук бийликке кайрылып жатканыбыз менен жыйынтык жок болууда.

Тагдырдын жазмышы менен балдарыбыз майып болуп төрөлүп калды. Бирок акыл-эси таза. Алардын дагы окуганга укугу бар», – дешти майып балдардын энелери.

 

https://www.turmush.kg/news:366800

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*