Жалал-Абадда классташтар майып үй-бүлөгө үй куруп жатат

Мектепти 20 жыл мурда бүткөндөр майып үй-бүлөгө турак жай салып берүүдө. 2019-жыл.

Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айылындагы №10 Тойгонбай Кошматов атындагы мектепти мындан 20 жыл мурда бүтүргөн классташтар айылдагы майып үй-бүлөгө турак жай салып берип жатышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» демилге көтөргөндөрдүн бири Жеңиш Сактанбаев билдирди:

– Жолугушуу кечесин шаан-шөкөт менен өткөрүүнүн ордуна, 30 бала ортодо акча жыйнап айылдашыбызга үй куруп берип жатабыз. Көпчүлүк досторубуз чет жакта мигрант болуп иштешет. Алар жакшы жардам берип жатышат. Булардын үй-бүлөсүндө ишке жарамдуу адам жок жана турак жайы да кейиштүү абалда болчу. 4 бөлмөлүү үйдү бардык шарты менен 1 млн. сомго жакын каражатка бүтүрүп беребиз.

Командир Мамаевдердин үй-бүлөсүндө 5 адам жашайт. Үй кожоюну, аялы жана баласы менен небереси да биринчи жана экинчи топтогу майып. Жакында келинин да майыптыкка өткөрүүгө документ даярдап жатышат.

25-май акыркы коңгуроо майрамын утурлай айылдыктар бул үйдө чогулуп той өткөрүүнү да пландап жатышат.

https://www.azattyk.org/a/29939076.html

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*