Чүйдө майып балдар үчүн окутуу жана реабилитациялоо борбору ачылды

Бишкек. 07.05.19 /Кабар/. Чүй райондор аралык Эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгынын базасында майып балдар үчүн терапиялык, окуучулук жана реабилитациялоо борбору ачылды.

Жаңы борбордо майып балдар физиотерапиялык, дене тарбия жана ден соолугун калыбына келтирүү кызматтарын алышат.

Мындан тышкары, бул жерде балдарды пикир алышууга, өзүн-өзү тейлөөгө, коомдук жайларда жүрүм-турумга үйрөтөт.

Мүмкүнчүлүгү чектелген баланы баккан үй-бүлөгө балдарын үй шартында ден соолугун калыбына келтирүү боюнча ыкмалар боюнча аркандай кеңештер берилет.

https://kabar.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*