Депутат: “Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кадимки бала бакчаларда, мектептерде окутуу керек”

Бүгүн, 6-майда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Дастан Бекешев ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды кадимки бала бакчаларда, мектептерде окутуу керектигин айтты.

“Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга карата билим берүү чөйрөсүндөгү азыркы убактагы саясат маӊызы боюнча алганда СССР доорунда ишке ашырылып келген саясаттын уландысы болуп саналат. Ал мезгилде майыптыгы бар балдар окутулуучу мектепке чейинки жана мектептик атайын мекемелер түзүлгөн. Мунун натыйжасында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген бала атайын бала бакчада да, андан кийин атайын мектепте өзүнө окшогон балдар менен бирге тарбияланат жана окуйт. Ал эми ал жогорку окуу жайына өткөндө коомдо, оорубаган адамдардын арасында адаптацияланууда кыйынчылыктарга учурайт. Ошол эле учурда майыптыгы бар студентке башка студенттер толеранттуу мамиле кылбайт”, – дейт ал.

Учурда Бюджет жана финансы комитетинин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү (ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга билим берүү маселелери боюнча) киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатат.

Автор: Жылдыз Джускембаева

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*