Жашоом өзгөрдү… Майыптыгы бар кыздар бет боеп, тырмак жасаганды үйрөнүүдө (видео)

Майыптыгы бар кыз-келиндер үйдө отура бербестен коомго аралашып, керектүү курстан окуп, жумуш менен камсыз болсун деген ниетте мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын “Теңдик” коомдук фондусу атайын окуу уюштурган.

Ал жерде мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер макияж, тырмак жасаганды үйрөнүшөт. Ар кайсы аймактан келип, сулуулук сабагын окуп жаткан аялдардын иши менен Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы таанышып келди.

Биз барган учурда кыздар макияжды туура жасоону үйрөнүп жатыптыр. Столдо косметиканын түрү турат. Бири-бирин боегон аялдар өздөрүн күзгүдөн карап суктанып отурушту.

Девушки на курсе макияжа для людей с инвалидностью в Бишкеке
© SPUTNIK / ТААЛАЙГУЛЬ УСЕНБАЕВА
Мүмкүнчүлүгү чектелген кыз-келиндер макияж, тырмак жасаганды үйрөнүүдө.

 

— Буга чейин боенчу белеңиз?

— Бир аз эле. Башында өзүмдүн боенгон кебетемди күзгүдөн көрүп “бул менминби?” деп таң калгам”, — деди терезе жакта кашын чийип отурган Каныкей.

25 жаштагы Каныкей Дөөлөтбай кызы сулуулук курсунан окуу үчүн Сокулуктан келиптир. Тубаса майыпмын деген кыз кыялдары орундала баштаганын кубануу менен айтып берди.

“Үйдө жалгыз кызмын. Апамдар жыгылып калбасын деп сыртка чыгарчу деле эмес. Үйдө кээде кошуналардын кыздарынын чачтарын жасап калчумун. Андан башка алек болоор ишим деле жок эле. Бир күнү ооруканада чогуу жаткан эже ушундай курс ачылганын айтып калды. Башында эки анжы ойдо болуп, көп ойлондум. Анткени эч жакка чыгып, эч ким менен сүйлөшпөгөн жаным уялдым. Бирок ата-энемдин кеңеши менен келип маникюр, макияж жасаганды үйрөнүп алдым. Жанымдагы кыздар, эжелер да аябай жакты. Эми бул жакты бүтсөм бөлөмдүн салону бар, ошол жакка чакырып жатат. Иштеп, өзүмдү-өзүм камсыз кылсам деген ниетим бар”, — деди Каныкей.Бул жерде окуп жаткандардын арасында 46 жаштагы Роза Бегалиева дагы бар. 19 жыл мурун аны унаа сүзүп кетип, арабада отуруп калган. Ошондон бери буюртма алып, кийим токуп иштеген келин өзүн эми башка тармакта сынап көрүүнү чечкен.

Девушка на курсе макияжа для людей с инвалидностью в Бишкеке
© SPUTNIK / ТААЛАЙГУЛЬ УСЕНБАЕВА
Бири-бирин боегон аялдар өздөрүн күзгүдөн карап суктанып отурушту.

“Кечке кийим токуй берип колдорум ооруй баштады. Ошол себептен кесип алмаштырууга туура келди. Негизи эле сулуулук өнөрүнө кызыгып жүрчүмүн, мүмкүнчүлүк түзүлөөрү менен окуп калайын дедим. Ысык-Атадан келгем, үйүбүз борбордук көчөдө эле. Ал жакка жарнама илип коюп, айылда иштейин деп жатам”, — деди Бегалиева.

Аймактан келгендер жатып окуйт экен. Сабактары бүткөндө Роза айым кыздарга жөн отурбай токуганды да көрсөтүп берип жатыптыр. Үйдөн чыкпай отурган кыздар башкалар менен таанышып, пикир алышып, коомго аралашып жатканына сүйүнүп жатканын жашырышкан жок.Токмок шаарынан келген Мээрим Замирбек кызы улам күзгүнү карап, өзүнө суктанып селфи кылып жатты. Ата-энесинен эрте ажыраган кыз элге аралашпай, түнт болуп калганын айтып берди.

“Атам, апамдын көзү өтүп кеткен. Азыр 80 жаштагы таенем, сиңдим болуп турабыз. Бул жакка бир эженин сунушу менен келгем. Көп нерсе өзгөрдү. Аябай уялчаак болчумун, аным кичине калып, эл менен аралашып, өз оюмду тартынбай айтууга үйрөнүп жатам. Туура боенгонду, бирөөнү боегонду үйрөндүм. Буюрса, иштегенге аракет кылам”, — деди Мээрим.

Девушка на курсе макияжа для людей с инвалидностью в Бишкеке
© SPUTNIK / ТААЛАЙГУЛЬ УСЕНБАЕВА
Сокулуктан келген Каныкей Дөөлөтбай кызы кыялдары орундала баштаганын айтты.

 

Уюштуруучулардын айтымында, аталган окууга кыз-келиндерди анкета толтуруп тандап алышат. Окутуу курстары бекер. Майыптыгы бар кыз-келиндерге сулуулук өнөрүн гана үйрөтпөстөн, жакын арада кулинария боюнча да курс ачууну пландап жатышыптыр.

Баса, бул курстарды уюштурган “Теңдик” коомдук фондусунун түптөөчүсү Гүлмира Казакунова менен кенен отуруп маектешкенбиз.

https://sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*