Балыкчыда парамарафон өтүп, катышуучулар 4 чакырымга чейин чуркады

Моралдык колдоо максатында марафонго алты саны аман жарандар да катышты.

Кыргызстан боюнча алгачкы жолу Балыкчы шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында парамарафон болуп өттү.

  • Участники первого республиканского парамарафона в Балыкчи
  • Участники первого республиканского парамарафона в Балыкчи
  • Участники первого республиканского парамарафона в Балыкчи
  • Участники первого республиканского парамарафона в Балыкчи

© SPUTNIK

Кыргызстан боюнча алгачкы жолу Балыкчы шаарында ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар арасында парамарафон болуп өттү

Аталган иш-чара төрт башка аралыкта болду. Анда Даун синдрому бар катышуучулар 500 метр аралыкты басып жана чуркап өтүштү. Майыптардын арабасында отургандар 1500 метр аралыкты, көзү азиздер жандоочусу менен 3000 метр аралыкты чуркап өтүштү. Угуусу начар жарандар 4000 метр аралыкка чуркашты.

Мындан тышкары, моралдык колдоо максатында марафонго дени сак жарандар да катышып, анда 16-40 жаш курагындагы жарандар 5000 метр, 40 жаштан жогору курактагы жарандар 3000 метр аралыкка жарышка түштү.Парамарафончулар төрт жерден баштап чуркап, мэриянын алдындагы финишке чейин келди. Жыйынтыгында жеңүүчүлөргө баалуу белектер жана медалдар тапшырылды.

https://sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*