Бүгүн, 1-июнда Талас облустук ички иштер башкармалыгынын ЖККК бөлүмүнүн кызматкерлери «Бекнур» интернатынын тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттукташты. Бул тууралуу ЖККК бөлүмүнүн ага тескөөчүсү Достук Абдраимов билдирди.
Анын айтымында, кызматкерлер балдарга белектерди тапшырышып, материалдык жардам көрсөтүштү.
Жалпы 34 кызматкер мүмкүнчүлүгү чектелген балдар тарбияланган «Бекнур» интернатында болуп кайтышты.
Leave a Reply