Майып баланы жеке кароочу катары 4900дөн ашуун киши айлык алууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда майып балдардын жеке кароочусу катары 4903 киши айлык алууда. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында эмгек жана социалдык өнүгүү министри Улукбек Кочкоров билдирди. Анын айтымында, тубаса майып төрөлүп, 18 жаштан ашкандардын ата-энелерине да акча чегерүү боюнча сунуштар иштелип жатат.

– Биз алты миң баланын ата-энесине беребиз деп пландаганбыз, – деди министр. – Бүгүн 4903 кишиге берилип жатат, себеби ушунча киши кайрылды. Азыр тубаса майып болуп төрөлүп, 1-топтогу майыптыгы бар, бирок 18 жаштан ашкандар 4981 адамды түзөт экен. Аларга дагы үнөмдөө жана оптимизациянын эсебинен акы төлөп берүү боюнча өкмөткө сунуш киргизели деп жатабыз.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев багууга жана көзөмөлгө муктаж, майып баланын жеке кароочусунун кызматы үчүн акы төлөөнүн шарттары жөнүндө жобону бекитүү тууралуу токтомго 2018-жылдын ноябрь айында кол койгон. Бул үчүн мамлекеттик бюджеттен 420 млн. сом каралган.

Буга чейин министрлик жеке кароочуга муктаж майып балдардын саны алты миңдин айланасында экенин билдирген. Ал эми алардын жеке кароочуларына айлык акы катары бөлүнө турган каражат февраль айында 14 млн. сомду түзгөн.

https://www.azattyk.org/a/29902356.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*