Майып баланы такай карай турган персоналдык ассистенттердин саны такталды

Ар дайым көмөккө муктаж мүмкүнчүлүгү чектелген баланы карай турган персоналдык ассистенттер өлкө аймагы боюнча ушул жылдын 1-апрелине карата 4937 адамды түздү. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди. 

Алар жалпы 5024 майып баланы такай карашы керек.

Өкмөт персоналдык ассистентке ай сайын төлөп бере турган айлыктын чегин 4900 сом өлчөмүндө бекитти.

Үстүбүздөгү жылы аларга төлөп берүү үчүн 420 млн сом каралган. Персоналдык ассистенттер ыктыярдуу патентти жана республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен камсыздандыруу полисин райондук социалдык башкармалыктардын бөлүмдөрүнүн кызматкерлери тарабынан алса болот.

Майып баланы такай карай турган персоналдык ассистенттердин саны такталды

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*