Көзү азиз япониялык Ивамото кеме менен Тынч океанды багындырды

Мицухиро Ивамото эки айда 14 миң чакырым аралыкты багындырды.

 Япониялык көзү азиз Мицухиро Ивамото Тынч океанды кеме менен сүзүп өттү. Бул тууралуу BBC агенттиги жазды.

Маалыматка ылайык, Мицухиро Ивамото көзү азиздердин арасында биринчилерден болуп дүйнөдөгү эң чоң океанды багындырды. Ал эки айда 14 миң чакырымды басып өткөн.

“Кыялым ишке ашты. Жер бетиндеги эң бактылуу адаммын”, —деди Ивамото.

Япониялык жаран өзүнүн сапарын 24-февралда Сан-Диего шаарынан баштап, аны жардамчысы Даг Смит коштоп барган. Ивамото кемени өзү башкарып, 20-апрелде Фукусима префектурасындагы Иваки портуна келген.

https://sputnik.kg

1 Comment

  1. Глобусту карап к?рг?л?ч?, жер шарынын ?чт?н экисинин к?б?р??к б?л?г?н океан менен де?издер ээлейт. Алар ?з ара кысыктар аркылуу туташып, д?йн?л?к океанды т?з?ш?т. Географтар д?йн?л?к океанды т?рт океанга б?л?шк?н. Э? чо?у – Тынч (же Улуу) океан. Европалыктардын ичинен биринчи болуп бул океанды с?з?п ?тк?н Магелан аны Тынч океан деп атаган. Ал с?з?п ?тк?н мезгилде жолу болуп, океан тынч турган. Болбосо, бул жерде тез-тез катуу бороон болуп турат, ошондуктан бул океанды чын эле тынч экен деп ойлобогула. Тынч океан д?йн?л?к океандын дээрлик жарымын ээлейт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*