Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамдын бардык субъекттеринин натыйжалуу кызматташуусу – сапаттуу юридикалык жардамдын негизи

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек, 23апрель, 2019. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борбордун (МКЮЖ КБ) мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу (ЖӨБ) органдары менен жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун негизги максаты мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнө МКЮЖ системасынын субъекттеринин кызматташуу тартиби жөнүндө маалымат берүү, КР Өкмөтүнүн “МКЮЖ КБнын мамлекеттик органдар жана ЖӨБ органдары менен өз ара аракеттенишүү тартиби жөнүндө” токтомун ишке ашыруу маселелерин талкуулоо болгон.

“Биз сот системасына канчалык реформа кылбайлы, мамлекет кепилдеген сапаттуу юридикалык жардамсыз бул системанын ишинин сапатын жакшыртуу тууралуу айта албайбыз. Ошол эле учурда адвокаттарга татыктуу эмгек акы бербей туруп, биз юридикалык жардамдын сапатына кепилдик бере албайбыз. Бүгүнкү күндө биздин мамлекет бул маселелерди чечип жатат – өткөн жылда адвокаттардын эмгек акысынын тарифтери дээрлик эки эсеге жогорулаган” – деп МКЮЖ КБнын директору Акжол Калбеков өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө белгиледи.

МКЮЖ КБнын директорунун орун басары Жылдыз Рыскулованын айтымында: “Ар бир мамлекеттик органда консультациялык-укуктук жардамга кайрылган жарандарды каттоо журналы болушу керек. Элге ыкчам жана сапаттуу юридикалык жардам көрсөтүү үчүн биз бардык мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташууга тийишпиз. Биз башка мамлекеттик органдар менен биргеликте акысыз укуктук жардам боюнча акция жүргүзүүнү пландаштырып жатабыз, практика көрсөткөндөй, жарандар Юстиция министрлигине гана караштуу эмес, башка мамлекеттик органдарга да тийиштүү маселелер боюнча кайрылышууда”.

Жолугушуунун катышуучулары укуктук жардам көрсөтүүнүн тартиби жөнүндө суроолорду активдүү беришти. Негизги суроолор субъекттердин өз ара кызматташуу тартибине, адвокаттын кызмат көрсөтүү тарифине, акысыз укуктук жардам алган жарандардын категорияларына, ошондой эле бул системада мамлекеттик органдардын ролун тууралуу болду.

“Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзам боюнча айлык кирешеси 8750 миң сомдон жогору болбогон КР жараны акысыз адвокаттын кызматын алууга укуктуу. Ошону менен бирге үй-бүлөсүнүн башка мүчөлөрүнүн кирешеси эске алынбайт. Бул жерде укуктук жардамга муктаж болгон конкреттүү адамдын гана кирешеси эсепке алынат” – деп Акжол Калбеков катышуучулардын суроолоруна жооп берип жатып белгилеп өттү.

Ошондой эле ал адвокаттардын ишмердүүлүгүнүн сапатынын стандарттары бар экендигин белгиледи: “Буга чейин биз адвокаттын жалпы отчетунун негизинде эмгек акы төлөп келгенбиз. Азыр алар минималдуу стандартта көрсөтүлгөн пункттарга жооп берүү менен кызмат көрсөтүүнүн ар бир стадиясы боюнча отчет беришет. Ушул отчеттордун негизинде адвокаттык кызмат көрсөтүүнүн минималдуу стандарттарын адвокат аткарган же аткарбаганын аныктайбыз”

Жолугушууга 40тан ашык мамлекеттик органдардын жана ЖӨБ органдарынын өкүлдөрү катышты.

 

Иш чара БУУӨПтүн жана Финляндиянын ТИМинин “КРде укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосунда өткөрүлдү.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*