Баланын атасын табууга мүмкүн болбогон учурда эмне кылуу керек? Баланы атасынын макулдугусуз өлкөдөн кантип чыгарып кетүүгө болот? (Адвокаттын блогу)

Айнура Исакеева, КР Юстиция министрлигине караштуу Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун адвокаты, Токмок шаары.

Кыргызстанда жумуштун жоктугунан жана эмгек акынын төмөндүгүнөн көптөгөн эмгекке жарамдуу жаштар иш издеп биздин республиканын чегинен тышкары кетүүгө мажбур болууда. Бизге, Токмок шаарындагы Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборуна алардын күйөөлөрү кайда экендигин билбеген аялдар балдары менен кайрылышат.  Алардын көпчүлүгү өздөрүнүн үй-бүлөлөрү жөнүндө көп учурда унутуп калышат жана да чет өлкөдө жаңы үй-бүлөлөрдү түзүшөт дагы өзүнүн балдарынан кача башташат.

Мигранттардын аялдары үчүн мындай жагдай көп көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн, аларды юристтин сабаттуу консультациясынан кийин оңой эле чечүүгө болот.  Ошентип, мага бир аял кайрылган, ал Россияга акча иштеп табуу үчүн кеткен, өз балдарынын атасын бир нече жылдан бери таба албай жүргөн. Анын айтымында, алгачкы бир нече жылдарда ал үй-бүлөсүн жана балдарын багуу үчүн дайыма акча каражаттарын жөнөтүп турган, бирок кийин аларга кээде гана жардам берип, аягында жоголуп кеткен. Көйгөй үй-бүлөнүн башчысынын материалдык жардамысыз калгандыгында гана камтылган эмес, андан тышкары, балдардын атасынын жазуу жүзүндөгү жана нотариалдык уруксаатысыз апасы балдарын Кыргызстандан алып чыга албаганында да болгон. Ал аял республикадан тышкары жакка акча табуу үчүн кетүүнү жана өзү менен бирге кичинекей баласын ала кетүүнү пландаган.

Кардардын колунда эки баласына алименттерди төлөтүп алуу жөнүндө соттун чечими болгон, бирок алименттерди ал алган эмес, бул соттук акт аткарылбаган бойдон калган. Анын күйөөсүнүн Россиядагы катталуусунун фиктивдүүлүгү анын себеби болгон. Бардык суроо-талаптарга россия тарап мындай даректин жок экендигин жана россиялык сот ошол соттук акттын көчүрмөсүн айыпкерге тапшыруу мүмкүн болбогонуна байланыштуу, өзүнүн аймагында алименттер боюнча Кыргызстандын соттук актын аткарылышын чече албайт.

Адвокат ишеним көрсөтүүчү – кызыкдар болгон адам менен бирге, чогултулган документтердин негизинде анын күйөөсүн дайынсыз жок болушу жөнүндө арыз түзүшкөн, ал болсо сотто арыз берүүчүнүн жашаган жери боюнча Өзгөчө өндүрүш /КР ЖПК 26 жана 31-главасы/ тартибинде Жарандык абалдын актыларын каттоо (ЗАГС) органынын же болбосо, Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлүнүн катышуусу менен каралат. Сот Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 77-беренесинин негизинде чечим чыгарат, анда төмөнкү көрсөтүлөт: “Эгерде граждандын турган жеринде бир жыл бою анын жүргөн жери тууралу маалымат болбосо, аны таламдаш адамдардын арызы боюнча сот дайынсыз жоголду деп табышы мүмкүн”.

Жаранды  дайынсыз жок болду деп таануу үчүн эки далилди аныктоо зарыл: 1) анын жашаган жеринде бир жыл ичинде дайыма жок болуусу /КР ГК 55-беренесин кара/ жана 2) анын жашаган жери жөнүндө маалыматтын жоктугу жана анын ордун аныктоонун мүмкүн эместиги.

Бул соттук чечим мындай мүмкүндүк берет, биринчиден, фиктивдүү никени жокко чыгарууну мыйзамдаштыруу, б.а. ЗАГС органдарына бул чечимдин күбөлөндүргөн көчүрмөсүн берип, Никени бузуу жөнүндө күбөлүктү алууга болот (КР Үй-бүлө кодексинин 2-п. 20-беренеси). Экинчиден, дайынсыз жок болгон адамдын мүлкүнөн жана андан алынган кирешеден дайынсыз болгон адам багууга милдеттүү болгондорго берилет, кредиторлордун алдындагы милдеттенмелер төлөнөт (КР ГК 1-п. 78-беренеси). Үчүнчүдөн, бала менен чек арадан өтүүдө бул соттук чечимди көрсөтүү – Кыргызстандын аймагынан баланы алып чыгууга атасынын нотариалдык макулдугун көрсөтпөй коюуга негиз болуп саналат. Төртүнчүдөн, соттун мындай чечимин баланын фамилиясын өзгөртүүдө дагы атасынын жазуу жүзүндөгү макулдугу талап кылынганда көрсөтүүгө болот (КР үй-бүлө кодекси, 3-п, 64-б.), андан тышкары башка учурларда да колдонулат.

Жаранды дайынсыз жок болгонун таануу жөнүндө арыз жазуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

  1. Нике тууралуу жана балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн, ата-энесинин паспортторунун көчүрмөлөрү;
  2. КР Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинен даректик маалымкат Кыргызстандан Россияга каттоодон чыгарылганы жөнүндө белгиси менен;
  3. Бир жылдан ашык убакытта арыз берүүчүнүн күйөөсүнүн жоктугу тууралуу кошуналардан акт;
  4. Күбөлөрдүн түшүнүк каттары, алименттик милдеттенмелер боюнча аны издөө боюнча Ички иштер бөлүмүнөн маалымкат;
  5. Арыз берүүчүнүн жашаган жеринен жана экинчи жубайынын жашабагандыгы тууралуу маалымкат;
  6. Каттоо дарегинин жоктугу жөнүндө Россиядан алынган маалымкаттар жана жооптор.

Бул жерде белгилей кетүүчү маанилүү нерсе, дайынсыз жок болуп жаткан жарандын келиши же жашаган орду аныкталган учурда, сот жаңы чечими менен  аны дайынсыз жок деп таануу жөнүндөгү мурда чыгарган чечимин жокко чыгарат (КР ГК 79-беренеси).

 

 

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*