Укуктук маданиятты жогорулатуу боюнча сынактардын жеңүүчүлөрүнө баалуу сыйлыктар менен сертификаттар тапшырылды

2019-жылдын 12-апрелинде, КРнын Юстиция министрлигинин Улуттук залында калктын укуктук маданиятын жогорулатуу темасында өткөрүлгөн  сынактардын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруу аземи өткөрүлдү.
         Иш-чарага КРнын Юстиция министри Марат Джаманкулов, БУУӨПтүн долбоорунун координатору Айнура Алымбекова жана КРнын Адвокатурасынын Адвокаттар кеңешинин төрагасы Билим Райымкулов катышты.
Өзүнүн куттуктоо сөзүндө  Марат Джаманкулов укуктук маданиятты өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн конкурстун катышуучуларына ыраазычылык билдирип, калктын укуктук маданиятын мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын биргелешкен күч-аракеттери менен гана жогорулатууга мүмкүн экендигин белгиледи.
Белгилеп кетсек, сынактар БУУӨПтүн жана Финляндия ТИМинин “Кыргыз Республикасындагы укуктук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү үчүн туруктуу сот адилеттигине жетүү” долбоорунун колдоосу менен уюштурулган.
         Сынактар кийинки номинациялар боюнча өткөрүлгөн:
1.     Калктын укуктук маданиятын жогорулатуу боюнча мыкты постко Facebook колдонуучуларынын арасындагы сынак
Сынак  КРнын Юстиция министрлигинин жана КРдагы БУУӨПтүн Facebook  баракчаларында 2019-жылдын 11-мартынан 1-апрелине чейин өткөн, анда каалоочулар#правовая_культура_kg хештеги менен постторду жарыялап, өздөрүнүн беш досун белгилешкен. Комиссия мүчөлөрүнүн чечими боюнча төмөнкү катышуучулар жеңүүчүлөр катары аныкталган:
1. Бактыгүл Чыныбаева: Менин досум Гулянын баласы – аутист/Майыптыгы бар балдардын ата энелеринин айлык алуу укугуhttps://www.facebook.com/baktygul.chynybaeva/posts/10214214790984547
2. Бакиров Кубанычбек: Бийлик органдарына натыйжалуу кайрылууну үйрөнөлү/Кайрылууну тапшыруу ыкмаларыhttps://m.facebook.com/story.php?story_fbid=1539904592810506&id=100003729410099
3. Дария Садыкова “Ты любишь родину свою/Сен өз мекениңди сүйөсүң”
Жеңүүчүлөр смартфондор (Samsung) менен сыйланышты. Бул конкурстун дагы бир катышуучусу Альбина Азимовага төмөнкү ыр саптары үчүн кызыктыруучу сыйлык тапшырылган: Счастливый человек/бактылуу адам.https://www.facebook.com/permalink.php?story_fbid=445511662656928&id=100015942935325
Сынаккалктын укуктук маданиятын жогорулатууга жардам көрсөтүү, ошондой эле укуктук ченемдерди сактоодо жарандардын активдүүлүгүн жогорулатуу максатында уюштурулган.
2. Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы жөнүндө (МКЮЖ) мыкты материалга журналисттер арасындагы сынак
Сынак КРдагы Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасы жөнүндө, “МКЮЖ жөнүндө” КР Мыйзамы тууралуу,  МКЮЖ Координациялоо борборунун жана Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунун ишмердиги жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатуу максатында, КРнын Юстиция министрлигине караштуу Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды (МКЮЖ) координациялоо боюнча борбордун демилгеси менен уюштурулган.
Сынак басма сөз жана интернет басылмалар, ошондой эле теле-радио каналдар арасында жарыяланган. Сынак үчүн телеканалдардан материалдар келип түшпөгөндүгүнө байланыштуу басма сөз жана интернет номинациясынан эки жеңүүчү тандалып алынды. Жеңүүчүлөр смартфондор (Samsung) менен сыйланышты.
– Анархан Жаныбаева, kogart.kg интернет-басылмасынын кабарчысы;
– Нина Ничипорова,«Вечерний Бишкек» газитинин кабарчысы;
– Эрмек Актанов,“Биринчи радионун” кабарчысы.
3. Сынак “Адвокаттын мыкты блогу
Сынак МКЮЖ Координациялоо борборуна караштуу Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунун кызматкерлеринин арасында уюштурулган. Калктын кеңири тараган укуктук көйгөйлөрү жөнүндө, ушул укуктук көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдору жана ыкмалары жөнүндө айтып берүү,  Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборлорунун ишмердиги тууралуу жарандарга маалымдоо сынактын негизги максаты болчу.
Бардыгы болуп сынакка 30га жакын иштер келип түшкөн, алардын ичинен 17 блог сынакка катышуу үчүн кабыл алынган. Орус тилиндеги блогдорду төмөнкү шилтеме боюнча окууга болот: http://law.journalist.kg/category/blogi/кыргыз тилинде: https://kg-law.journalist.kg/category/blogdor/
Жеңүүчүлөргө сыйлык катары планшеттер тапшырылды.
Комиссиянын чечими менен төмөнкүлөр сынактын жеңүүчүлөрү деп таанылган:
– Айнура Ибраимжанова, Алай районунун Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун адвокаты;
– Айнура Исакеева, Токмок шаарынын Акысыз юридикалык жардам көрсөтүү борборунун адвокаты;
– Расул Абушинов, Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча МКЮЖдун координатору.
 
4. Кыргыз Республикасынын “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” мыйзамын билгендиги боюнча викторина
Викторина 2019-жылдын 28-мартынан 10-апрелине чейинFacebook баракчасында жүргүзүлгөн. Сынактын уюштуруучулары МКЮЖга тиешелүү суроолорду күн сайын жарыялап турушту. Каалоочулар комментарийлерге жооп беришип, беш досун белгилешкен. Күндүн аягында викторинанын жеңүүчүлөрү аныкталган. Жеңүүчүлөргө МКЮЖду Координациялоо борборунун логотиби басылган кепкалар, футболкалар жана жилеткалар тапшырылды.
Викторина  “Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам жөнүндө” КРнын Мыйзамындагы ченемдер жана өзгөртүүлөр жөнүндө жарандардын кабардар болуусун жогорулатуу максатындаөткөрүлгөн. Жеңүүчүлөр болуп Баккелди Жумабеков, Евгения Крапивина, Алия Орозакунова, Айнура Кулназарова, Роза Когай, Бакуля Исланбекова жана башкалар табылган.

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*