ДЦП менен ооруган Рустам: “АТА-ЭНЕМ МЕНИ ТАШТАП КЕТИШКЕН. АЛАР МЕНЕН ЖОЛУККУМ КЕЛБЕЙТ”

 

“Балдар ыйык жана аруу. Наристелерди керек болсо каракчылар менен крокодилдер да периштедей таза жандар катары кабылдашат. Өзүбүз кайсы аңга түшпөйлү, балдарга өздөрүнүн аруу затына жарашкан атмосфера түзүшүбүз керек” дептир жазуучу Антон Чехов. Азыр периштелерибизге өздөрүнө жарашкан атмосфера түзүп берип жатабызбы? Айрым учурда акылга сыйбаган кордуктарды көрсөтүп, аруулукту айбанча да сыйлай албай келебиз. Бүгүнкү каармандарым оор дарт менен төрөлгөндөр. Бирин ошол дарт үчүн атасы таштап кетсе, экинчисинен апасы да, атасы да баш тарткан.

“БАСА АЛГАН КЫЗГА ҮЙЛӨНҮП, ДЕНИ САК БАЛАЛУУ БОЛГУМ КЕЛЕТ”

ДЦП жана андан башка да бир топ оор диагноздор коюлган 17 жаштагы Рустам (аты өзгөртүлдү) Бишкекте жайгашкан “Үмүт-Надежда” реабилитациялык борборунда жашайт. Аталган борбор Рустамдын камкорчусу (опекун). Коляскада отурган каарманым менен тил табышып сүйлөшүү жеңил болду. Ал бизге карабай кеткен ата-энеси тууралуу айтып берди. Алар жөнүндө айтып жатканда үнүнөн таарыныч сезилип турду:

– Мен ДЦП менен төрөлгөм. Эсимде калганы, апам көп арак ичет эле. Атам да кээде ичип калчу. Чоң атам, чоң энем, эжем, байкем бар болчу. Алар азыр кайда экенин билбейм. Мени бул жакка 7 жашымда ата-энемдин кошунасы алып келип таштаган. Ошондон бери ата-энемди көрө элекмин. Алар менен жолуккум келбейт. Анткени алар мени таштап кетишти. Азыр мага Германиядан демөөрчүлөр жардам берип жатышат. Бул жак мага жагат, көнүп калдым. Бул борбордо жашап жүрүп бир катар досторду күттүм. Досторум менен сүйлөшөм, күлөбүз, жакшы убакыт өткөрөбүз. Мен шурудан билериктерди жасайм, сүрөт тартканды жакшы көрөм, футболго кызыгам. Келечекте бийчи жана тиш дарыгери болсом дейм. Анан да баса алган кызга үйлөнүп, дени сак балалуу болгум келет.

“РУСТАМДЫ БАГУУ ҮЧҮН ДАЙЫМА ДЕМӨӨРЧҮЛӨРДҮ ИЗДЕШИБИЗ КЕРЕК”

Рустамдын ден соолугунун абалы тууралуу аталган борбордун алдындагы мектепке чейинки группанын координатору Инга Шелике айтып берди:

– Рустам бизге 2009-жылы келген. Анда Бишкектин Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы баланы 1 жума карап туруубузду суранышкан. Бир жумадан кийин аны Ошко которушмак. Баланын башы аябай чоң болчу. Текшертип көрсөк, гидроцефалия (баш сөөк көңдөйүнө жүлүн суусунун толушунан пайда болгон балдар оорусу) бар экен. Тез арада кымбат баадагы операция жасаш керек болду. Врачтар өздөрү демөөрчүлөрдү таап, операция жасашты. Операциядан кийин балага жакшы кам көрүш керек болчу. Ошондуктан анын ата-энесин издедик. Атасын таптык. Тилекке каршы, ал баласын кароодон баш тартты. Ушул себептүү аны ата-энелик укугунан ажыратууга туура келди. Бала алсыз, дайыма Бишкектеги нейрохирургдардын көзөмөлүндө болушу керек, андыктан мамлекеттик балдар интернатына бербей өзүбүзгө алып калдык. Ошондон бери Рустам биздин борбордо жашайт. Рустамга гидроцефалиядан тышкары акыл-эси жагынан артта калган, бөйрөктөрдүн гидронефрозу, жүлүндүн сколиозу деген диагноздор коюлган. Бала өзү баса албайт, кыйналып отурат, заарасын жана заңын кармай албагандыктан дайыма такма жалаяк менен жүрүшү керек. Азыр да анын абалы оор. Бөйрөктөрү жакшы иштебей жатат. Жылына бир канча жолу ооруканага жатат. Ар бир 10 күндө катетерди алмаштырып туруу үчүн хирургга көрүнүп турат. Бир жакка алып баруу оор. Анткени бала алсыз. Рустам башка балдар менен байланышта болгондо ооруп калат. Ошондуктан мектепке да бара албайт. Ал азыр дайыма багуучунун көзөмөлүндө. Багуучу ага өзүнчө тамак жасап, карайт. Рустам ай сайын 4 миң сом пенсия алат. Башка керектелүүчү каражаттар үчүн дайыма демөөрчү издөөгө туура келет. Азыркы заманда демөөрчү табуу оңой эмес.

Баласы оорукчан эне: «ЖОЛДОШУМ ООРУКЧАН БАЛАСЫНАН БАШ ТАРТТЫ»

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун тургуну Асел Алиева 2 баласын жалгыз багып келет. Каарманым баласы оорулуу болуп калгандыктан атасы андан баш тартканын айтат.

– Мен эки ирет турмушка чыгып эки балалуу болдум. Биринчи жолдошум каза болуп калган. Андан бир кызым бар. Кудайга шүгүр, кызымдын дени сак. Экинчи жолдошум спирт ичимдигин көп ичет эле. Ал экөөбүз эркек балалуу болдук. Балам 7 айлык кезинде ДЦП менен төрөлдү. Уулума Алсейит деген ысым ыйгардык. Алсейитим 3 жашка чыкканда жолдошум “баланы карай албайм” деди. Экөөбүз ажыраштык. Анын азыр башка үй-бүлөсү бар. Жолдошума таарынбайм. Жашоодо ар кандай кырдаал болот. Ар бирибизге ар кандай сыноо берилет, аны көтөрүшүбүз керек. Ажырашкандан кийин кызымды ата-энеме таштап коюп балам экөөбүз ооруканалап жүрдүк. Кызымды мектепти бүткөнгө чейин ата-энем бакты. Баламдын дарылануусуна көп каражат кетет. Ага да ата-энем жардам беришти.
Алсейит 4 жашка чыкканда “Үмүт-Надежда” реабилитациялык борбору тууралуу угуп калып, ушул жакка алып келгем. Ошондон бери аталган борбордо тарбияланат. Азыр 14кө чыгып калды. Бул жакка айына 14 миң сом төлөш керек. Башында өзүм төлөп жүрдүм. Кудай жалгап, кийин демөөрчүлөр табылып калды. Азыр бул борборго балам үчүн демөөрчүлөр акча төлөшөт. Өзүм тигүүчү болуп иштейм. Батирге 7 миң сом төлөйм, студент кызымды жана оорукчан баламды багам. Баламды жыл сайын ооруканага жаткырып туруш керек. Ал үчүн да ар кандай суммадагы каражат кетет. Өзүм тапкан акча турмуш тиричилигиме кенен жетпейт. Студентти окутуу, өз алдынча кыймылдай албаган, дайыма жардамга муктаж баланы багуу оңой эмес.

Балам бул борбордо тарбияланып, көп нерсе үйрөндү. Быйыл Алсейит окуп, тарбияланып жаткан борборго 30 жыл болот экен. Уулум юбилейге арналган иш чарага катышып, чыгармалардагы каармандардын ролун жаратып кубантып жатат. Өзү аракетчил, жайдары бала. Майрамдык маданий иш-чараларга дайыма катышып турат.

Башыма кандай тагдыр түшсө да, Кудайдын жазганы деп кабыл алам. Эч нерсеге өкүнбөйм. Ушундай абалымда жардам бергендер табылганына кубанам.

“МЕН АТАМДАН ЭМНЕГЕ МЫНДАЙ БОЛУП КАЛДЫМ ДЕП СУРАЙМ”

14 жаштагы Алсейит Саяков аталган борбордун юбилейине карата уюштурулган иш-чарада Манастын ролун жаратарын айтып, үзүндү аткарып берди да, суроолорубузга кыйналып сүйлөп жооп берди:

– Мен 7-класста окуйм. Мага тарых сабагы жагат. Бул жактан биз атка минебиз, музыка угабыз, майрамдар уюштурулуп турат. Мен келечекте шоколад фабрикасын ачкым келет. Анткени таттууну жакшы көрөм. Айылга барганда атам келип турат. Аны жакшы көрөм, сагынам. Атам мага таттуу момпосуйларды алып келет. Мен атамдан көбүнчө “эмнеге мындай болуп ооруп калдым?” деп сурайм. Ал “мен арак ичкеним үчүн ушинтип ооруп калдың” деп жооп берет.

Перизат Музуратбекова
koom@super.kg
https://www.super.kg/article/?article=47667

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*