Балдарга каршы зордук-зомбулук 28% көбөйдү

Иллюстрациялык сүрөт.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов бүгүн парламентте депутат Аида Касымалиеванын суроосуна жооп берип жатып билдиргени боюнча, алардын басымдуу бөлүгү балдарга карата жыныстык зомбулук аракеттери.

– Жашы жете элек өспүрүмдөргө карата жасалган жыныстык мүнөздөгү кылмыштар боюнча 138 кылмыш иши козголгон. Жаш балдардын өлүмүнө байланыштуу 14 кылмыш иши козголгон. Он кылмыш иши сотко жиберилген. Анын ичинен бешөө боюнча айыптуулар түрмөгө камалган. Дагы бешөө сотто каралып жатат, бир иш өндүрүштөн кыскартылып, үч кылмыш иши боюнча тергөө жүрүп жатат, – деди ал. Башкы прокурор бардык иштер сот чечими чыкканга чейин прокурорлордун көзөмөлүндө болоорун айтты.

Депутат Аида Касымалиева балдарга карата зомбулук боюнча бул абдан чоң көрсөткүч экенин белгилеп, «мындай фактылардын негизинде козголгон кылмыш иштери сотко барганда бузулуп кетип жатат» деген дооматын айтты.

https://www.azattyk.org/a/29885627.html

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*