Карыпова: электрондук китептер мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга да ылайыкталган (аудио)

Касымалы Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасынын компьютердик бөлүмүнүн башчысы Нуркыз Карыпова көзү азиз балдарга ыңгайлашкан электрондук окуу куралдары бар экендигин айтты.

Электрондук китептер мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ылайыкталып, кыргыз жана орус тилиндеги көптөгөн чыгармаларды камтыйт. Бул тууралуу Нуркыз Карыпова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, китептер Брайль шрифти менен жазылган.

“Биздин китепкана эки жылдан бери мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга ылайыкталган окуу куралдарды сунуштап келет. Аталган китептердин көбү көзү азиз балдарга арналган. Чыгармалар кыргыз жана орус тилдеринде Брайль шрифти менен жазылган. Алардын арасында Чыңгыз Айтматовдун эмгектери да бар. Эгер каалоочулар болсо, китепкананын биринчи кабатына келип, аталган окуу куралдарын колдонсо болот. Ал үчүн бардык шарттар түзүлгөн”, — деди бөлүм башчы.

Ошондой эле ал атайын тиркемелер аркылуу көптөгөн чыгармаларды окууга мүмкүнчүлүк бар экенин кошумчалады.

https://m.sputnik.kg

Be the first to comment

Leave a Reply

Your email address will not be published.


*