Кыргызстандын юридикалык клиникалык бирикмесинин президенти Артур Бакиров юридикалык клиникаларда бүтүрүүчү курстун стунденттери тарабынан жарандардын укуктары тууралуу акысыз кеңеш берилерин айтты.
Анын айтымында, юридикалык клиникада кеп-кеңеш берген студенттер мугалимдер тарабынан көзөмөлдөнүп турат.
“Акысыз юридикалык жардам берүү борборлору Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда, Бишкекте, Чүйдө жана Ысык-Көлдө бар. Алар юридикалык факультети бар жогорку окуу жайларында ачылган. Учурда алардын саны он төрткө жетти. Аталган клиникаларда бүтүрүүчү курстун студенттери укуктук кеп-кеңеш беришет. Сапаттуу юридикалык жардам бериш үчүн борбордун өкүлдөрүн мугалимдер көзөмөлдөп турат”, — деди юрист.
Ошондой эле ал жарандар ар аптада дүйшөмбүдөн жума күнгө чейин саат 09:00дөн тарта 17:00гө чейин юридикалык клиника борборлоруна кайрылып кеңеш алса болорун кошумчалады.
Leave a Reply